Зарылбек Рысалиев: “Менин талапкерлигим Талас облусунун башчылыгына көрсөтүлөт деген маалымат калп”

“Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына менин талапкерлигим көрсөтүлөт деген маалымат калп”, - деп бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.

Коомчулукта аталган кызматка Зарылбек Рысалиев көрсөтүлөрү айтылууда.

Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы Таластын башчылыгына кимдин талапкерлиги көрсөтүлө турганы белгисиз экенин кабарлады.

Айта кетсек, бул кызматты Дайыр Кенекеев аркалап келген. Ал вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу губернаторлуктан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан