Чемпиондор Лигасы, 4-турдун жыйынтыгы: "Реал" тарткан жеңилүү ызасы, "ПСЖнын" ири эсептеги жеңиши

1-2-ноябрь аралыгында Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 4-турдун оюндары өттү. Бул күндөрү бардык тайпадагы беттештер орун алды.

Кызыктуу оюндардын катарына "Тоттенхэм" менен "Реал Мадрид" беттеши болду. Анда Лондондун Уэмбли стадионунда өткөн оюн 3:1 эсеби менен аяктады.

Эки команда тең алгачкы мүнөттөрдөн баштап 3 упай үчүн тирешмей болду. Оюндун 28-мүнөтүндө "Тоттенхэмдин" оюнчусу Харри Кейн баштаган чабуулду оң канаттан Киран Триппьер улантып атаандашынын айып аянтчасына көтөрүү жасады. Аны Деле Алли мыкты жыйынтыктап эсеп санын ачканга үлгүрдү. 2-таймда "Тоттенхэм" артыкчылыгын эки эсеге көбөйттү. 57-мүнөттө Деле Алли "Реалдын" коргоочусу Каземирону алдап өтүп, алыстан сокку узатты. Топ Серхио Рамоско тийип өтүп дарбазага кирип кетти. Эсеп 2:0.

Арадан 10 мүнөт өтпөй "Тоттенхэм" кайрадан гол киргизди. 65-мүнөттө Кристиан Эриксен атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, "Реалдын" дарбазачысы Кико Касильяны алдап таамай сокку менен эсепти 3:0 кылды. Мындай оор абалга туш келген "Реал Мадрид" командасы, беттештин 80-мүнөтүндө 1 гана гол киргизүүгө үлгүрдү. Анда "Тоттенхэмдин" айып аянтчасында Криштиану Роналду топ үчүн күрөштү утуп алган соң таамай сокку менен эсепти 3:1 кылды. Кийинки 10 мүнөттө эки команда тең кооптуу чабуулдарды баштаганы менен эсеп саны өзгөргөн жок. Бул жыйынтык менен "Н" тайпасында 10 упай менен "Тоттенхэм" 1-орунга көтөрүлүп, Чемпиондор Лигасынын кийинки этабына алдын ала өттү. "Реал Мадрид" клубу 7 упай менен 2-орунда жайгашууда. Ал эми "Боруссия" менен "АПОЭЛ" клубдары 2 упайдан топтоп 3-4-орунда жайгашты.

"Тоттенхэм" менен бирге кийинки этапка алдын ала "ПСЖ" жана "Бавария" клубдары өттү.

Чемпиондор Лигасынын 4-турунун жыйынтыктары:

"А" тайпасы:

"Базель" (Швейцария) - "ЦСКА" (Орусия) 1:2.

Голдор: Лука Дзуффи (32-мүнөттө) - Алан Дзагоев (65), Понтус Вернблум (79)

"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Бенфика" (Португалия) 2:0.
Голдор: Миле Свилар (45-мүнөттө, автогол), Дэйли Блинд (78, пенальтиден).
"В" тайпасы:
"ПСЖ" (Франция) - "Андерлехт" (Бельгия) 5:0.
Голдор: Марко Верратти (30-мүнөттө), Неймар (45), Левен Курзава (52, 72, 78).
"Селтик" (Шотландия) - "Бавария" (Германия) 1:2.
Голдор: Каллум Макгрегор (74-мүнөттө) - Кингсли Коман (22), Хави Мартинес (77).
"С" тайпасы:
"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Карабах" (Азербайжан) 1:1.
Голдор: Томас Парти (56-мүнөттө) - Мичел Мадера (40).
"Рома" (Италия) - "Челси" (Англия) 3:0.
Голдор: Стефан Эль-Шаарави (1, 36-мүнөттөрдө), Диего Перотти (63).
D” тайпасы:
"Олимпиакос" (Греция) - "Барселона" (Испания) 0:0.
"Спортинг" (Португалия) - "Ювентус" (Италия) 1:1.
Голдор: Бруно Сезар (20-мүнөттө) - Гонсало Игуаин (79-мүнөттө).
"Е" тайпасы:
"Севилья" (Испания) - "Спартак" (Москва) 2:1.
Голдор: Клеман Лангле (30-мүнөттө), Эвер Банега (59) - Зе Луиш (78)
"Ливерпуль" (Англия) - "Марибор" (Словения) 3:0.
Голдор: Мохамед Салах (49-мүнөттө), Эмре Жан (64) Дэниэл Старридж (90).
"F" тайпасы:
"Наполи" (Италия) - "Манчестер Сити" (Англия) 2:4.
Голдор: Лоренцо Инсинье (21-мүнөттө), Жоржиньо Фрелло (62, пенальтиден) - Николас Отаменди (34), Жон Стоунз (48), Серхио Агуэро (48), Рахим Стерлинг (90).
"Шахтёр Донецк" (Украина) - "Фейеноорд" (Нидерланды) 3:1.
Голдор: Факундо Феррейра (14-мүнөттө), Марлос (17, 68) - Николай Йоргенсен (12).

"G" тайпасы:

"Бешикташ" (Түркия) - "Монако" (Франция) 1:1.

Голдор: Женк Тосун (54-мүнөттө) - Рони Лопеш (45).

"Порту" (Португалия) - "РБ Лейпциг" (Германия) 3:1.

Голдор: Эктор Эррера (13-мүнөттө), Данилу Перейра (61) Макси Перейра (90).

"H" тайпасы:

"Тоттенхэм" (Англия) - "Реал Мадрид" (Испания) 3:1.

Голдор: Деле Алли (27,7-мүнөттөрдө), Кристиан Эриксен (65) - Криштиану Роналду (80).

"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "АПОЭЛ" (Кипр) 1:1.

Голдор: Рафаэл Геррейру (29-мүнөттө) - Микаэль Поте (51).

"ПСЖ" - "Андерлехт" 01.11.2017
"Рома" - "Челси" 01.11.2017
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
expert.007
2017-11-02 11:02:53
Реал калып кеттиби ошондо. Пепенин кадырын эми билдик го
+1
Ali-han
2017-11-02 11:32:32
Эч нерсе болбойт. Топ тоголок. Анча мынча женилип койуш керек. Реал Мадрид мен силер менен
-1
Altysh_Boldush
2017-11-02 11:45:43
ПСЖ, Неймар
0
Boha1
2017-11-02 12:27:18
жакшы болуптур. реалдын доору токтой баштады
0
arawan
2017-11-02 12:56:07
реалдын доору бутпойт варан карвахаль кайтып келсе реал реал болот кайра былтыр деле группасынан экинчи орун алып чыккан плейоффко уткандан кийин утулганды да билиш керек алдыда далай оюн бар
0
Jalganchy
2017-11-02 13:09:53
arawan, жаш балдар бирөөдөн таяк жеп калса,атам келсе айтам, жездем келсе айтам деп ыйлактагандайсыңарго. Тиги экөөсү менен деле жеңилип жүрөтко реал)))).
0
Jalganchy
2017-11-02 13:07:58
Реалчылар тотенхемди жеңебиз, лондонду чаңытабыз деп мактанып атышты эле, тотенхем чаңына муунтуп койдуго бечара реалды.
+3
akyl_fc.bd
2017-11-02 13:35:06
Боруссия 1/8 го чыкпай калды
-1
Rasul94
2017-11-02 13:55:32
оюндар 5-6-декабрда чечилет 1/8 ге кимдер отору.бирок тушунгондорго белгилуу кимдер чыгышы мисалы реал Тоттенхэм.Челси Рома ж.б
-1
FCBMESSI
2017-11-02 14:27:07
Барса алга
+3
Makkambaev97
2017-11-02 19:40:29
Футбол тушунбогондор жазбагыла Реал калбайт 7 ачко деп турат 2чи места менен чыгат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан