Буйрутманы терүү менен балаңыздын кайда экенин билип алыңыз

«Балдар кайда?» – ата-эненин телефонундагы баланын жүргөн жерин картадан көрсөтүп берүүчү О! мобилдик операторунун ыңгайлуу мобилдик кызматы. Бул кызмат балаңыз мектептен келдиби, бий ийримине же шахмат боюнча секциясына бардыбы деген суроолоруңузга жооп берет. Эгерде ата-энеңиз үчүн сарсанаа болсоңуз, аларды дагы тизмеге киргизип койсоңуз болот. Текшерүү тизмесине бир нече үй-бүлө мүчөлөрүн кошсо болот.

Кызмат менен кантип пайдаланса болот?

Кызмат менен пайдалануу үчүн *7898# буйрутмасын терип, “чакырык” баскычын басыңыз. Андан ары жөн гана сервистик менюнун кадамдарын аткарыңыз. Аптанын белгилүү күндөрүндө, белгиленген саатта балаңыздын кайда жүргөнү тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз алуу үчүн автоиздөө графигин ырастап алыңыз.

Балаңыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн аны кантип кошсо болот?

Менюдагы “Менин балдарым” пунктун тандаңыз, анын телефонун киргизиңиз. Балаңызга 7898 номеринен анын жүргөн жерин аныктоо сурамы менен SMS билдирүү жөнөтүлөт. Балаңыз келген SMS билдирүүнүн текстин жазуу менен жооп бериши керек. Андан кийин сиз анын жүргөн жерин аныктай аласыз.

*7898*1# буйрутмасы балаңыздын кайда жүргөнү тууралуу заматта кабардар кылат.

*7898*1# буйрутмасын балаңыздын тез чалуучу номерлерине сактап коюңуз. Күтүлбөгөн кырдаалда ал саналуу гана секундалар ичинде бул баскычты баса калат да, «Балдар кайда» кызматын колдонгон ата-энелерге баласынын жүргөн жеринин дареги менен билдирүү келет.

Балаңыздын телефону кандай болуш керек?

Баланын жүргөн жерин аныктоо үчүн О! мобилдик операторунун SIM-картасы бар эң жөнөкөй телефондун болушу жетиштүү.

«Балдар кайда» кызматын колдонуу акысы канча турат?

Алгач кошулганда кызмат 10 күнгө акысыз берилет, андан кийин күн сайын 10го чейин акысыз издөө талаптарын жиберүү мүмкүнчүлүгү менен абоненттик төлөм суткасына 3 сомду түзөт. Координаттары менен картаны кароо учурунда интернет-трафик тарифтелбейт. Бул кызмат О! түйүнү камтыган Кыргыз мамлекетинин бүт аймагында жеткиликтүү.

Кененирээк нускама www.o.kg сайтында жайгашкан.

О! мобилдик операторунун «Балдар кайда?» кызматы менен балдарыңыз үчүн кам санабаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikyn93
2017-11-02 23:24:04
Смс барганда жооп бербей койсочу билинбегендей кылып чыгаргылада жон эле элден акча жей бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан