"Кыргыз курама командасы жакшы оюн жүргүзүп, сапаттуу оюн көрсөттүк". Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз-Оман беттешинен кийинки маалымат жыйында Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Николай Южанин билдирди.
Анын айтымында, аталган беттеш абдан кызыктуу болду жана жыйынтыкты алдын ала айтуу мүмкүн болгон эмес. "Оюндан кийин мен командама рахмат айттым, анткени оюн жакшы болду. Бирок күйөрмандардын алдында кечирим сурайт элем. Оюн тууралуу айта кетсем, биздин команданын оюну жакшы эле жүрүп жатты, сапаттуу оюн көргөздүк. Гол киргизе албаганыбыз бул биринчи жолу кайталанган жок, ал эми өткөрүп жиберген голдор жаштык катадан улам келип чыкты. Биз үчүн бул жакшы сабак болду. Эми биз каталарды оңдоп кийинки оюнга даярданабыз. Кийинки оюнга, албетте, негизги курамда өзгөрүүлөр болот", - деди Кыргыз командасынын машыктыруучусу.
Ал эми Оман курамасынын машыктыруучусу Рашид Аль Яфаи оюн абдан оор өткөнүн айтты. "Жыйынтыктагы эсепке карабаганда, бул оюн биз үчүн абдан оор өттү. Кыргыз курамасы уюшумдуу команда экенин жана басым менен ойной турганын билгенбиз. Биринчи таймда эки команда тең каталарды кетирип жатты, биз бул каталарды 2-таймда оңдоп жана жоюуга үлгүрдүк. Алгачкы гол биз тараптан абдан жемиштүү болду, ал эми 2-гол менен биз оюнду кызыттык деп айтса болот. Көбүрөөк гол киргизгенге мүмкүнчүлүк бар болгону менен, аларды биз ишке ашыра алган жокпуз. БАЭ курамасынан биринчи оюнда жеңилүү ызасын тарткандан кийин биз жеңишке жеткенибизге абдан кубанычтамын. Биз эми кийинки оюнга даярдык көрүп алдыга гана карайбыз", - деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2-ноябрда футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Оман командасы менен беттешип 0:3 эсеби менен жеңилип калды.