Бүгүн, 3-ноябрда Талас облусунун борбору Талас шаарында жергиликтүү тургундар нааразычылык митингин өткөрүшүүдө.
Митингдин катышуучулары саат 12:00дөр чамасында чогула башташкан. Саат 13:00дөрдө алардын саны 500дөн ашкан. Болжол менен 13:30да митингди ачык деп жарыялашты.
Митингдин катышуучулары эки себеп менен чыгышканын айтышууда: Кыргыз-Казак чек арасындагы абал жана президенттин таластыктарга карата айткан сөзү. Алар Кыргыз-Казак чек арасындагы маселе чечилүүсүн жана президенттин Талас элинен ачык кечирим суроосун талап кылышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин 29-октябрда да Талас шаарында жергиликтүү эл президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө нааразы болуп митингге чыгышкан.