Бишкекте тестиер балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарында тестиер балдар арасында шахмат боюнча "Биликан кубогу" республикалык мелдеш өтүүдө. Анда жалпы 180ден ашуун шахматчы катышып, байгелүү сыйлыктар үчүн күч сынашууда.

Аталган мелдеште өлкө аймагындагы шаарлардан жана райондордон келген 6 жаштан 16 жашка чейинки шахматчылар катышууда.

Мелдештин уюштуруучусу Эсенбек Базакечев мелдеш Кыргыз өлкөсүнүн шахмат федерациясы менен бирге өткөрүлүп жатканын айтты.

"Бул мелдешти алгачкы жолу өткөрдүк, бирок мындан кийин жыл сайын уюштуруп турабыз деген пландар бар. Оюндарга 6 жаштан 16 жашка чейинки тестиер балдар катышып жатат. Мелдештин ар бир күнүндө 3 турдан турган беттештер өтүүдө", - деди ал.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

6 жаштагы шахматчылар арасында:

1-орун: Алан Молдокулов;

2-орун: Данай Айталиев;

3-орун: Ярослав Пак.

8 жаштагы шахматчылар арасында:

1-орун: Алишер Жеңишбеков;

2-орун: Нурак Жаныбеков;

3-орун: Залкар Курбанаев.

10 жаштагы шахматчылар арасында:

1-орун: Санжар Сарынжиев;

2-орун: Селим Атамбаев;

3-орун: Илим Станкулов.

Кыздар арасында:

6 жаштагы шахматчылар арасында:

1-орун: Айнура Исаева;

2-орун: Алиман Бакытбек кызы;

3-орун: Жанай Рыскелдиева.

8 жаштагы шахматчылар арасында:

1-орун: Айжан Съездбекова;

2-орун: Яна Карташова;

3-орун: Адеми Аширходжаева.

10 жаштагы шахматчылар арасында:

1-орун: Айжылдыз Эсенбек кызы;

2-орун: Индирахан Жаныбекова;

3-орун: Арууке Ахпарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан