Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде 3-5-ноябрь аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча Суперлигасынын алгачкы оюндары өтүп жатат. Анда "А" тайпадагы командалар өз ара беттешүүдө.
Кечээ, 3-ноябрда "Баткен" жана "Жаш-Муун" командаларынын беттеши орун алган. Оюндун жыйынтыгында "Жаш-Муун" командасынын оюнчулары 3:7 эсеби менен жеңип, алгачкы 3 упайга ээ болду.
Бүгүн, 4-ноябрда "Жаш-Муун" командасы Оштун "EREM" командасы менен беттешет. Ал эми эртең, 5-ноябрда "EREM" - "Баткен" беттеши өткөрүлөт.
Эске салсак, 27-29-октябрда Бишкек шаарында "А" жана "В" тайпаларындагы 6 команда өз ара беттешип алгачкы упайларга ээ болушкан.