Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары уланат. Анда Кыргыз курама командасы Бахрейн командасы менен беттешет.
Эске салсак, аталган мелдештин 1-турунда Кыргыз курама командасы Непал менен беттешип 2:0 эсебинде жеңип алган. 2-турда Кыргыз футболчулары Оман менен ойноп 0:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Кыргыздын бүгүнкү атаандашы Бахрейн командасы алгачкы беттешинде Непал менен ойноп 0:3 эсебинде жеңишке жеткен.
Мындан тышкары, Кыргыз-Бахрейн оюнунан кийин БАЭ курамасы Непал командасы менен беттешет.
Эскерте кетсек, жаштар арасындагы Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары 31-октябрдан баштап 8-ноябрга чейинки аралыкта өтөт. Анда Кыргыз курама командасы "А" тайпасындагы Бахрейн, Оман, Непал жана Бириккен Араб Эмираттарынын курамалары менен беттешет.
Оюндардын тизмеси (Беттештер Бишкек убактысы боюнча):
4-ноябрь:
12:00 - Бахрейн - Кыргыз өлкөсү;
17:00 - БАЭ - Непал.
6-ноябрь:
12:00 - БАЭ - Кыргыз өлкөсү;
17:00 - Оман - Бахрейн.
8-ноябрь:
12-00 - Непал - Оман;
17:00 - Бахрейн - БАЭ.
Турнирдик жадыбал: