Футбол боюнча (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары: Бахрейн-Кыргыз беттеши 1:2 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары уланууда. Бүгүнкү күнгө белгиленген Кыргыз курама командасы менен Бахрейн командасынын беттеши старт алды.

Эске салсак, аталган мелдештин 1-турунда Кыргыз курама командасы Непал менен беттешип 2:0 эсебинде жеңип алган. 2-турда Кыргыз футболчулары Оман менен ойноп 0:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Кыргыздын бүгүнкү атаандашы Бахрейн командасы алгачкы беттешинде Непал менен ойноп 0:3 эсебинде жеңишке жеткен.

11:53 Командалар талаага чыгууда. Кыргыз курамасы ак түстөгү формачан ойнойт. Бахрейн курамасынын формасы болсо кызыл түстө. Эки курама команданын мамлекеттик гимндери жаңырды. Регламент боюнча Кыргыз курамасы конок катары ойнойт.

12:00 Кыргыз курама командасы алгачкы болуп 1-таймды баштады. Гүлжигит Борукеев баштаган чабуулду Бахрейндин коргоочулары токтотуп талаадан сыртка тээп салышты. Бахрейндин дарбазасында алгачкы кооптуу абал түзүлдү. Алыстан көтөрүп берилген чыгарууну Алимардон Шукуров жыйынтыктады. Бирок топ дарбазадан бир аз туура эмес багытка кетип калды.

12:07 Бахрейн курамасынын алгачкы чабуулу орто бөлүктөн токтоп калды.

12:08 Кыргыз футболчулары бат контр чабуулга оң канаттан чыкты. Гүлжигит Борукеев ылдамдык менен дарбазаны көздөй чуркап баратканда аны Бахрейндин коргоочусу жыгып Кыргыз курамасы айып сокку жасаганга мүмкүнчүлүк алды. Борукеевдин көтөрүп берүүсүн Бахрейндин коргоочулары тосуп алды.

12:13 Эржан Нурбеков Кыргыздын айып аянтчасында Бахрейндин чабуулчусунан топту тартып алганга үлгүрдү.

12:15 Кыргыз командасынын чабуулу жыйынтыксыз болууда. Алимардон Шукуровго Бахрейндин коргоочулары топту жеткирбей мыкты кайтарууда. Топ орто бөлүктө эки команданын талашуусунда калууда.

12:18 Кыргыз командасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок Эржан Нурбеков ыңгайсыз чыгарып берип Бахрейн топко ээлик кылып калды.

12:22 Кыргыздын командасы чабуулга чыккан сайын кооптуу абалдарды жаратууда. Алимардондун башы менен узаткан соккусун Бахрейндин дарбазачысы оңой эле тосуп алды.

12:23 Бахрейндин оюнчусу жаракат алды, калыс оюнду токтотуп, талаага дарыгерлерди чакырды.

12:27 Пенальти. Чабуулга чыккан Темирболот Тапаевди Бахрейндин коргоочусу айып аянтчанын ичинде жыгып салды. Кыргыз командасы пенальти тебет.

12:29 Темирболот Тапаев пенальтини ийгиликтүү аткарып, эсеп санын 1:0 кылды. Азырынча жеңиш Кыргыз тарапта.

12:34 Бахрейндин оюнчусу кыргыз футболчу Дастан Карыпбековдун артынан чалганы үчүн сары айып кагазын алды. Бахрейндин оюнчулары орой оюн көргөзүүдө, Кыргыз футболчусу кайрадан талаа үстүндө жыгылды.

12:38 Бахрейн бурчтан топту көтөргөнгө мүмкүнчүлүк алды. Көтөрүлгөн топту кыргыз коргоочулары тосуп алып талаадан сыртка чыгарып салды.

12.41 Алимардон Шукуров Эржан Нурбеков менен пасташып коргоочуларды алдады. Бирок Алимардондун узаткан соккусу таамай болбой, дарбазанын жанынан өтүп кетти.

14:45 Оюндун 1-таймынын акыркы мүнөтүндө Бахрейн курамасы контр чабуулга чыгып, Кыргыздын дарбазасына сокку узата алды. Аны кыргыз дарбазачы тосуп алганга үлгүрдү.

14:47 Калыстын ышкырыгы жаңырып оюндун 1-таймы аяктады. Азырынча Кыргыз курамасы жарым жартылай жеңиш байрагын кармап турат десек болот. Себеби эсеп 1-таймдын жыйынтыгы менен 1:0.

13:02 2-тайм башталды. Кыргыз курама командасында алмашуу орун алды. Амантур Шамурзаевдин ордуна Бейбарс Абдурахманов чыкты.

13:04 Гүлжигит Борукеев чабуулга чыгып жакын жерден сокку узатканга үлгүрдү. Бирок топту бийигирээк тээп алгандыктан дарбазанын кырына тийип гол кирбей калды.

13:11 Гол!!! Эржан Нурбеков атаандашынын айып аянтчасынан башы менен сокку узатып, эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү.

13:16 Кыргыз курамасында футболчулардын алмашуусу орун алды. Арлен Шаршенбековдун ордуна Эмир Шыгайбаев чыкты.

13:18 Эржан Нурбеков Бахрейндин дарбазачысы менен бетме-бет чыгып, бирок аны алдай албады. Узаткан соккусун дарбазачы тосуп алды. Бахрейндин чабуулчусу офсайтка кабыл болуп кооптуу абал жарата алган жок.

13:28 Бахрейндин чабуулун Бейбарс Абдрахманов кайрадан токтотуп койду. Бахрейн жеңилүүсүн кабыл алгандай маанайда ойноодо. Күн суук, жаан-чачындуу болгонуна карабай Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 1150 көрүүчү Кыргыз курамасын колдоодо.

13:36 Бахрейндин оюнчусу жаракат алып, аны талаадан көтөрүп алып чыгып кетишти. Кыргыз курамасында болсо кайрадан алмашуу, Алимардон Шукуровдун ордуна Азирет Момошев чыкты.

13:38 Бахрейндин оюнчусу кайрадан офсайтка кабыл болду. Эржан Токотаев топту оюнга кеч киргизгенине байланыштуу сары айып кагазын алып калды.

13:43 Азирет Момошев дарбазадан 5 метр алыстан сокку узатканга мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок пас берем деп атып топту алдырып жиберди.

13:46 Беттештин негизги убактысы бүтөрүнө 1 мүнөт калды. Башкы калыс дагы 4 мүнөт кошуп берди.

13:48 Аманжан Жаныбек уулу 2-айып кагазын алып, оюн талаасын таштаганга аргасыз болду.

13:49 Бахрейн командасынын оюнчусу айып сокку узатып эсепти 1:2 кылды.

13:52 Бахрейндин оюнчусу ачуулуу абалда жарым мүнөттүн ичинде 2 сары айып кагазын алып, командасына жардам бере албай калды.

13:53 Калыстын ышкырыгы жаңырып Бахрейн-Кыргыз беттеши аяктады. Кыргыз курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tansuluu09
2017-11-04 12:22:09
Ийгилик
0
Azat.97
2017-11-04 13:26:06
Эржан Нурбеков красавчик
0
amantur.kh
2017-11-04 13:28:24
Болот эле экенго
0
Rasul94
2017-11-04 13:31:10
чон футболду коро берип жаш балдардын оюнундай эле болуп атат
0
APCEH
2017-11-04 17:06:51
Rasul94,U-19 болуп жатат булар деле жаш.
0
Tyty1990
2017-11-04 13:37:18
Алга кыргызым. Эт жебесек да шорпосун ичкендей болойлу. Жок дегенде корбосок да окуп колдоп туралы.
0
Asman...
2017-11-04 13:56:30
Ак шумкарларга ийгилик.
Поляны коруп иии уялып кетип жатам.
0
Adilet2014
2017-11-04 13:57:21
Кыргызстан женди.....
0
Mr__Messi
2017-11-04 13:59:28
1:2 бутту,жениш кут болсун
0
Adilet2014
2017-11-04 14:00:54
Ушул кыргызстанга эл аралык мелдештерге жакшы футбол талаасын салып койсо жакшы болмок. Спортко конул бурганы ушул жерден корунуп жатат да
0
japarov
2017-11-04 14:10:33
Алга кыргызстан
0
Rasul94
2017-11-04 18:33:55
судик опасный экен
0
Jyrgal_msk
2017-11-04 22:31:02
Тартып койгон жокбу биздикилерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан