SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Расул Маматкулов.
"Мен бийге чакырсамбы?», «От болдум», "Жамиля", "Дүйнө мага сенсиз караңгы" жана башка ырлары менен калктын калың катмарына таанылган ырчы чыгармачылыкта эчен белести ашты. Бирок ал сахнага жаңы чыккан кезинде кандай болсо бүгүн да ошол бойдон, туруктуу бир стилде.
Узун чачынан улам «Кыргыздын Жиммиси» деген атка конгон ырчынын жеке жашоосу, чыгармачылыгы, алдыдагы пландары, ийгилик сырлары жөнүндө билгиңиз келсе суроо жөнөтүңүз. Сиздин суроолоруңузга Расул Маматкулов бүгүн саат 15:00дөн тартып SUPER.KG'нин түз эфиринде жооп берет.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.