Футболдон жеңилүү ызасын тартып калган Бахрейн курамасынын машыктыруучусу: "Командамдын бүгүнкү оюндагы жүрүм-турумун жактырган жокмун"

Бүгүнкү жеңиш менен биз кайрадан тайпанын ичинде беттештерге ишенимдүү кайтып келдик. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда маалымат жыйында жаштар арасындагы Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Николай Южанин билдирди.

Анын айтымында беттеш абдан кызыктуу өтүп, бул жеңиш менен кийинки этапка өткөнгө мүмкүнчүлүктөр кайрадан жаралды. "Абдан кызыктуу оюн болду, бизге кирип кеткен гол менен интрига жаралды. Оман курамасына жеңилип калгандан кийин бүгүнкү жеңиш менен биз кайрадан жеңиш үчүн күрөшкө кайтып келдик деп айтсам болот. Бүгүн оюн, футболчулардын эрки жана дымагы абдан күчтүү болду. Эми бир аз эс алып, дисквалификация болгон оюнчуларды карап курамга өзгөртүүлөрдү киргизип, кийинки беттешке даярдануу керек", - деди машыктыруучу.

Бахрейн курама командасынын машыктыруучусу Мохаммед Алмокла Кыргыз курамасын жеңиши менен куттуктап, оюнчуларынын талаада көрсөткөн оюнун айтып берди. "Биринчиден, Кыргыз курама командасын жеңиши менен куттуктайм, абдан жакшы оюн болду. Биринчи гол биз үчүн чекит сыяктуу болгону менен, бизде эсепти тең кылганга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Экинчи гол бардык абалды татаалдаштырды. Бирок биздин курамда тандап алуу этабынан өтүп кетүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Менин оюнчуларымдын бүгүнкү беттеш учурунда көргөзгөн жүрүм-турумун жактырган жокмун. Бирок алар жаш экенин унутпашы керек. Кийинки беттештерде мындай кайталанбайт", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз курама командасы Бахрейн командасы менен беттешип 1:2 эсебинде жеңип алды. Кийинки беттеште Кыргыз курамасы 6-ноябрь күнү БАЭнин курама командасы менен беттешет.

Учурда турнирдик жадыбалда Кыргыз курама командасы 3 оюндун жыйынтыгында 6 упай топтоп 1-орунда келүүдө. 2-орунду 3 упай топтогон БАЭ, Оман, Бахрейн курамалары талашууда. 5-орунда упайсыз Непал курамасы жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Best.bakyt
2017-11-04 19:08:04
Бул женилуу биз учун чон сабак болду дебейби. Жооп бергенди да билбейт экен. Сураса айтып бермекпиз да
-6
Dembele84
2017-11-04 20:29:21
Ушуга окшогон оюндардан кыскача голдордун видео обзорун киргизип койсо жакшы болмок.Качан караба озубуздун чемпионатта ушу и эл аралык мелдеште да ушу корунуш,суротторду толтура киргизип бир мааниси жок.!Же ага да акча жетпейтабы?
+5
Kuba-savai87
2017-11-04 20:35:52
Dembele84,кошулам
+3
kamanaresi
2017-11-04 21:25:46
Dembele84,туз эфир коруп отурсан киргизген голду качан корсотот деп кутосунго, обзорун айтпай эле кой
+1
Kuba-savai87
2017-11-04 20:36:09
Жигиттер азаматсынар
0
Syn4y
2017-11-04 21:32:33
1 штук коруучу бар окшойт
+2
Kylymbek_isakulov
2017-11-05 00:22:38
Кыргызстан алга азаматсыздар
0
Ramina-malina
2017-11-05 00:27:59
Кечиресиздер темадан алыс жазганым учун.Инстада казактар менен озбектер,бизди аябай талкуу кылтат....Атамбай XXXX чалдын артынан,ушунчалык жиним келип,колдорум титиреп жазып жатамын,каяка барба бул чалдын артынан,бир тепкич ылдый болуп жатабыз.
-2
meni_kut
2017-11-05 09:06:25
Ramina-malina,кайда башынды тыкпа саясат,ишинер болбосун деп кой,титиребе денсоолук озундуку
+2
Jumahmatov
2017-11-05 02:15:53
Жана ойундун аягында Бахрейн курама командасынын бир футболчусу кызыл картчка алып ойундан четтетилгенде футболго барган коруучулорго фокю коргозду эле колуну кайырып котуно тыгып ийгим келди тилекке каршы ото албай калдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан