Бүгүн, 4-ноябрда борбор калаада жарга чыгуу боюнча Бишкек шаарынын чемпиондугу өттү. Анда 7 жаштан баштап 45 жашка чейинки спортчулар катышып шаардын мыкты альпинисттерин аныкташты.
Жарга чыгуу, альпинизм жана музга чыгуу боюнча федерациянын алдындагы комиссиянын төрайымы Марина Гальцова мелдеш жыл сайын өтүп турарын жана анын максаттары тууралуу айтып берди.
"Мелдештин башкы максаты бул спортчулардын деңгээлин көтөрүү, жарга чыгуу спортун өнүктүрүү болуп саналат. Мелдештин жыйынтыгында спортчулар упайларды чогултушуп рейтингге көтөрүлүшөт, ал рейтингдин негизинде спортчулар Кыргыз курама командасына кошулат.
Бул мелдештер жыл сайын өткөрүлөт. Анда спортчулар ар түрдүү жарыштарга катышат. Алар: боулдеринг (кыска аралыктагы татаал трасса), татаал трасса жана ылдамдык боюнча жарыштар.
Жалпы эсепте 200дөн ашык спортчу катышып, жаш боюнча категорияларга бөлүнгөн. Эң жаш категориянын спортчулары 2004-жылы төрөлгөндөр жана алардан кичүү, андан кийин 2002-2003-жылы төрөлгөндөр, анан 2001-жылы төрөлгөндөр, андан соң 17 жаштагылар жана алардан улуулар категориясы", - деди Марина Гальцова.