Кечээ, 4-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттары-Непал курама командаларынын беттеши орун алды.
Бул беттеште Непал курамасы болуп көрбөгөндөй оюн көрсөтүп, БАЭ курамасына каршылык көргөзө алды. Бирок Непал мыкты тирешкени менен, беттештин аягында 1 гол өткөрүп жиберип, тандап алуу этабында 3-ирет жеңилүү ызасын тартты. Жалгыз голду БАЭ курамасынын чабуулчусу Хасан Аль-Хамади киргизди.
Бул жыйынтык менен БАЭ курамасы 3 турдун жыйынтыгында 6 упай топтоп Кыргыз курамасы менен 1-орунду талашууда. Непал курамасы мелдештин алкагында атаандаштарына 3 жолу жеңилип упайсыз, 5-орунда келүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-ноябрда Кыргыз курама командасы Бахрейн курамасы менен беттешип 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Кийинки турда, 6-ноябрда БАЭ-Кыргыз өлкөсү жана Оман-Бахрейн беттештери орун алат. Оюндар Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 12:00дө жана 17:00дө башталат.