UFC-217: Бир беттеште 3 мушкер чемпиондук титулунан ажырады

Нью-Йорк шаарында UFC-217 беттешинин алкагында бир нече мушкерлер чемпиондук титулдары үчүн ат салышты. Анда орточо жана төмөнкү салмактагы мушкерлер беттешип, оюндун негизги беттеши англиялык Майкл Биспинг менен жарым орто салмак категориясындагы экс-чемпион Жорж Сент-Пьердин мушташы болду. Бул беттеште канадалык Жорж Сент-Пьер атаандашын муунтуу ыкмасы менен 3-раундда жеңип, орточо салмак категориясында абсолюттук чемпион аталды.

Ошондой эле жеңил салмак категориясындагы беттеште Коди Гарбрандт менен Ти Жей Диллашоу мушташып, 2-раундда Диллашоу Гарбрандтты техникалык нокаутка учуратты. Жыйынтыгында жеңил салмак категориясында Ти Жей Диллашоу жеңишке жетип, чемпиондук курун кайтарып алды.

Дагы бир кызыктуу беттеш польшалык Йоанна Енджейчик менен америкалык Роуз Намаюнастыкы болду. Анда Намаюнас биринчи эле раундда техникалык нокаут менен Енджейчикти жеңип алды. Эске сала кетсек, Енджейчик буга чейин 2014-жылдан бери катары менен 5 жолу чемпиондук курун коргоп келгени маалым.

Ошентип жогоруда жеңилүү ызасын тарткан Майкл Биспинг, Коди Гарбрандт, Йоанна Енджейчик бир беттештин алкагында чемпиондук курларынан бирдей ажырап калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
birimdik.
2017-11-05 17:00:49
Ти жей молочик Коди кучту суйлоп жатып уктап калайын дедиго байкуш.
0
sagynbek.apyshev
2017-11-06 09:47:58
Мен кодиге болеть этип аттым эле өлдүда бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан