Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун үйүнө кол салгандар 4 адам болгон. Алар түнкү саат 2:00 чамаларында анын Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнө бет капчан киришип, 17 жаштагы баласы Абай Саляновго тапанча такашкан. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Салянованын жактоочусу Улан Жумаков айтып берди.
"Маркумдун аялы учурда милицияга көрсөтмө берип жатат. Анын билдиришинче, белгисиз төрт адам үйүнө кирип келип баласына тапанча такаганда Улан алар менен мушташа кеткенде ок чыгарып жиберишкен. Андан кийин эле ок чыгарган төрт адам качып кетип калышкан. Уулу Абай дайынсыз болуп, бир сааттан кийин ал коңшусунун үйүндө экени маалым болгон. Анын абалы жакшы. Маркумду экспертиза жүргүзүү үчүн учурда өлүкканага алып кетишти", - деди Жумаков.
Атайлап кол салуубу же үйүн тоноо максатында болгонбу азырынча белгисиз. Учурда милиция кылмышкерлерди издеп жатат.