Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянова кылмышкерлердин колунан каза болгон иниси Улан Саляновдун үйүнөн жакындарынын коштоосунда чыгып кетти. Туугандарынын айтымында, алар Ысык-Ата районундагы Биринчи Май айылына (атасынын үйүнө) барышат.
Ошондой эле маркумдун сөөгү да ошол айылга коюлары айтылууда.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти. Маркум 42 жашта болгон. Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.