Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын Нурсултан Назарбаевге кайрылып ырдаганына казак акыны Балгынбек Имашев жооп кайтарды.
Буга чейин Жеңишбек Жумакадыр Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалды ырга салып, эл башчыларынан кайрадан мамилелерин мурдагы калыбына келтирүүлөрүн өтүнгөн ыры жарыяланган.
Балгынбек Имашев кыргыздын төкмө акынына жооп катары сунган ырында Кыргыз-Казак элинин ортосундагы достукка токтолгон. Муну менен катар эле Казакстандын Кыргыз мамлекетине көрсөткөн жардамдарын айтып өткөн. Мындан сырткары ал президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүн сынга алган.
"Атамбаев агабыз Бишкекте жатып булкунган,
Көзүнчө акелеп көкөлөп, аксакалыбыз деп бөпөлөп,
Сөккөнү кандай сыртынан?
Тагынан түшөр алдында айыбын жууп кетпейби,
Кечирим сурап журтумдан", - деп башталат Имашевдин Кыргызга жообу.
Балгынбек Имашев - Казакстандын белгилүү төкмө акыны, 1977-жылы Алматы облусунун Кербулак ооданында төрөлгөн. Казакстанда өткөн жана эл аралык бир канча айтыштардын жеңүүчүсү.
2014-жылы залкар акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өлкөдө өткөн кыргыз-казак айтышында ал баш байгеге ээ болуп, 500 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган.