Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун (U-19) тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү менен Бириккен Араб Эмираттары кез келди.
Алгач Кыргыз курамасы өз дарбазасына эки гол өткөрүп, биринчи тайм бүтөргө аз калганда БАЭнин дарбазасына бир гол киргизди. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргыз өлкөсүнүн футболчулары тарабынан бир катар чабуулдар жасалганы менен, бирок жыйынтык болгон жок. Бириккен Араб Эмираттарынан келген футболчулар дагы эки гол киргизип, эсепти 4:1 кылганга жетишти.
Эске салсак, аталган мелдештин 1-турунда Кыргыз курама командасы Непал менен беттешип 2:0 эсебинде жеңип алган. 2-турда Кыргыз футболчулары Оман менен ойноп 0:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми 3-турдагы Кыргыз өлкөсү - Бахрейн беттеши 2:1 эсебинде аяктаган.