BEKET.KG кызматы. Жолдо жүрүү эми жагымдуу жана үнөмдүү

Бишкектен Ошко баруу үчүн бизге канча убакыт керек болот? Бул суроого жооп берип жаткан жүргүнчү 12 саат деп жооп бериши мүмкүн. Бирок алар жолго даярдык, такси сүйлөшүү, адам толушун күтүүнү кошкондо дээрлик эки сутка убакыт кетерин көп учурда байкабай калышы мүмкүн.

Ар бирибиз айылга жөнөп жатканда туугандарыбызга белек-бечкек алып барууга ниеттенебиз. Айрым учурда базар кыдырууга да үлгүрбөй дароо такси токтоп турган жайга барабыз. Айдоочунун "унаам толуп эле калды. Азыр бир адам алсам кетем. Ичинде отуруп турчу" дегенин уксаңыз керек. Чындыгында кардар жок, ал да күтүп турган болот. Ошентип күн бою күтүп отуруп калабыз. Бул убакытта башка жумушту бүтүрүү мүмкүн болмок.

Таксисттердин талашында калып, бири сумкаңды тартып алганы да негативдүү таасир калтырат. Айрыкча жаш кыздарды ары-бери түртүп буюмдарын макулдугусуз эле өз унаасына салып койгон айдоочулар болот.

“Бир жолу Ошко баруу үчүн телефон аркылуу таксист менен сүйлөштүм. Ал кечки саат 5терге келе бер деген. Бирок мен барганда ал мага билдирбестен туруп башка айдоочуга которуп коюптур. Белгиленген жерге келип мен сүйлөшкөн таксист кетип калганын билдим. Колумда жаш балам болгону үчүн бул жагымсыз болду” деп тааныштарымдын бири өз жагдайын айтып берген эле.

Айылга баргандан кийин шаарга кайтуу да көйгөй жаратат. Таксисттер унаасы толмоюнча кетпей калса сиз караңгыда калышыңыз же шаарда маанилүү жумуштарыңыз бар болгонуна карабай айылда калып калышыңыз мүмкүн.

Шаар аралык такси айдагандар үчүн деле кардар табуу бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Автобекетте кардар талашуу, күнү-түнү бир жерде отуруп күтүү. Өтө эле тың таксисттер кардарын тартып алуудан да кайтышпайт. Такси айдагысы келип, бирок аймактарды ээлеп алган айдоочулардын катарына кире албагандар да болушу мүмкүн.

BEKET.KG кызматы кардарлар үчүн да, айдоочулар үчүн да абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Заманбап технологиялар менен баарын ыңгайлуу жана таксиге буюртма берүү маданиятын жогорулатууга мүмкүн.

Эми суукта автобекетке барып качан унаа толот деп күтпөй, үйдөн буюртма берип такси кызматын пайдалана аласыз. Такси бекетине барбай эле телефон аркылуу айдоочу менен сүйлөшүп, жол кирени сүйлөшсөңүз болот. Жаңы BEKET.KG кызматы менен сапарыңыз ыңгайлуу, үнөмдүү жана жагымдуу болот. Кыргызстанда биринчи жолу шаарлар аралык таксилер үчүн бирдиктүү диспетчер кызматы 1223 номери аркылуу күнү-түнү 24 саат бою дем алышсыз сиздердин кызматыңыздарда. Сиз кайсы жерге бара турганыңызды айтасыз, кайра айдоочу сиз менен байланышат. Эгерде сиз турган аймакта такси болбой калса башка жактан келе жаткан айдоочу сизди кайсы айылдан болбосун ала кетет. Күндүзбү же түнкүсүнбү сиз каалаган жерге ылдам жете аласыз. Такси толбой калгандыктан бара албай калдым деген шылтоону айтуу мындан ары болбойт.

Жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү сапары байсалдуу болуш үчүн компанияда чалууларды кабыл алуучу борбордо кесипкөй адистер иштешет. Алардын жардамы менен буюртмалар ылдам кабыл алынып, айдоочулар жана алардын унаалары күн сайын тыкыр көзөмөлдөн өтөт. Унааны өз убагында жеткирүү, салондун таза болушу жана мыкты техникалык абалы - бул компаниянын артыкчылыгы болуп саналат.

Компания буюртмаларды кабыл алууда жаңы заманбап технологияларды пайдаланат. BEKET.KG'нин кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрү: Сиз үйдө отуруп эле диспетчерге телефон аркылуу 1223 номерине чалып койсоңуз болот. Сизге айдоочу байланышка чыгып, бара турган жериңизге чейин өз бааңызды сунуштай аласыз. Сизде кандай унаада жол жүрүү тандоосу да бар.

BEKET.KG айдоочулар үчүн да пайдалуу жана ишенимдүү жумуш. Эми көчөдө туруп кардар күтүүнүн зарылчылыгы жок. Кардар үчүн күрөш, башка таксисттер менен пикир келишпестиктер жолго салынды. Кыргызстандын кайсы шаарына барбаңыз ошол жерден кайтканда бош келбей кардар алып келсеңиз болот. Сиздин телефонуңузга компания тарабынан атайын программа орнотулат. Күн сайын кеңсеге келип отурбай терминал аркылуу төлөмдөрдү киргизип кардарлардын номерлерин алсаңыз болот. Алгачкы 500 унаага программа орнотуу бекер.

BEKET.KG Бишкекте 2017-жылы ишке киргизилген. Жумушу сапаттуу, ылдам жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзгөн компания аз убакыт аралыгында кардарлардын ишенимине кирип, мактоого татый алды.

BEKET.KG менен сапарыңыз байсалдуу болот!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Uulka9293
2017-11-07 12:58:05
Жакшы жанылык!!! Бирок кыргыздарда таксистти коруп анан тушмой адатыбыз бар эле.
+3
Isco22
2017-11-08 09:43:55
Uulka9293,коруп туруп тушуш кк да,сен отура бересиеби жаш балдарга деле
-2
Nanei
2017-11-07 13:26:01
Вокзалда таксистер тытып кетет ко жулмалап. Жапайычылык
0
Aykan08
2017-11-07 13:37:33
мага жакты, келе жатканда дайыма кутмой, бардык райондордо бар бекен? Баннерден да кордум "Сонку кабардан". Номерлерин жазып алыш керек экен.
0
zhykyo
2017-11-08 09:46:30
1223дегенде пайда болот экен да ээ
0
Gena1
2017-11-08 10:20:39
Чалуу акысы канча экен?
0
Birimdik5555
2017-11-08 11:48:17
Жакшы экен,ишинерге ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан