Орусиялык 22 жаштагы көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Маргарита Мамун спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай кабарды Орусиянын көркөм гимнастика федерациясынын жетекчиси Ирина Винер-Усманова жарыялаган.
"Маргарита карьерасын жыйынтыктады. Ал спортто алдыга койгон бардык максаттарына жетти", - деп билдирген Винер-Усманова.
Белгилей кетсек, Маргарита Мамун 2016-жылы өткөн Олимпиада оюндарында алтын медалга ээ болгон. Андан сырткары 7 жолу дүйнө жана 4 жолу Европа чемпиондугунда алтын медаль утуп, чемпион аталган.
Ал эми ушул жылдын сентябрь айында 29 жаштагы спортчу Александр Сухоруковго турмушка чыккан.