Непалдык 8-класстын окуучусунун кол жазмасы дүйнө жүзүндөгү эң мыкты кол жазма деп табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалым болгондой, 14 жаштагы Пракрити Малланын кол жазмасы Непалда 2016-жылы оригиналдуу жана мыкты кол жазма деп табылып өкмөт тарабынан атайын сыйлык тапшырылган. Пракритинин кол жазмасынын сүрөттөрү интернетке чыккан соң аны дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулары да эң мыкты деп баалашкан.
Кол жазманы көргөн көпчүлүк эл өзүнүн суктануусун билдирсе, бул адамдын колу менен жазылган эмес деп ишенбегендер да четтен чыккан. Ал эми өз кезегинде Пракрити социалдык тармактагы өздүк баракчасына кол жазма - бул чоң адамдарга да, балдарга да өтө керектүү экенин баса белгилеп билдирүү калтырган.
Мындан сырткары окуучу жеке баракчасына дүйнө жүзүндө кол жазма боюнча жүргөн ар кандай изилдөөлөр тууралуу маалыматтар менен байма-бай бөлүшүп турат.