Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын акыркы туру өткөрүлөт. Анда Непал-Оман жана Бахрейн-БАЭ беттештери орун алат.
Учурда турнирдик жадыбалда 1-орунда 9 упай менен БАЭ командасы жайгашкан, андан кийинки 2-орунда 6 упай топтогон Кыргыз курамасы келе жатат. 3-4-орунду 4 упайдан топтогон Бахрейн жана Оман командалары талашууда, ал эми 5-орунда упайсыз Непал командасы жайгашкан.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы тандап алуу этабынын алкагында 4 беттеш өткөрүп 2 жолу жеңишке жетип, 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан. 1-турда Кыргыз курама командасы Непал менен беттешип 2:0 эсебинде жеңип алган. Андан кийин Оман менен ойноп 0:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. 3-турда Кыргыз командасы кызуу беттеште Бахрейн командасын 2:1 эсебинде жеңип алган. 4-турда Кыргыз командасы БАЭ командасы менен кездешип 1:4 эсебинде жеңилип калган.