Орусия кайрадан "Евровидение" сынагына катышат

2018-жылы Португалиянын борбору Лиссабон шаарында өтө турган "Евровидение" сынагына 42 өлкө катышат, алардын ичинде быйыл бул сынакка катышпай калган Орусия да бар. Мындай маалымат сынактын расмий сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, сынакта Албания, Армения, Австралия, Австрия, Азербайжан, Беларусь, Бельгия, Болгария, Хорватия, Кипр, Чехия, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Грузия, Греция, Венгрия, Исландия жана башка мамлекеттин ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Эскерте кетсек, Орусия "Евровидение-2017" сынагына видеобайланыш аркылуу алыста туруп катышуудан баш тарткан. Анткени Украинанын бийлиги орус ырчысы Юлия Самойловага өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Мындан улам Орусиянын "Биринчи каналы" Самойлова "Евровидение-2018" сынагына катыша турганын билдирген.

"Евровидение-2017" сынагында тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан