SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Расул Маматкулов.
"Мен бийге чакырсамбы?», «От болдум», "Жамиля", "Дүйнө мага сенсиз караңгы" жана башка ырлары менен калктын калың катмарына таанылган ырчы чыгармачылыкта эчен белести ашты. Бирок ал сахнага жаңы чыккан кезинде кандай болсо бүгүн да ошол бойдон, туруктуу бир стилде.
Узун чачынан улам «Кыргыздын Жиммиси» деген атка конгон ырчынын жеке жашоосу, чыгармачылыгы, алдыдагы пландары, ийгилик сырлары жөнүндө билгиңиз келсе суроо жөнөтүңүз.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда бул кабардын алдына комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
15:05 Маек башталды, ырчы алып баруучулардын ойготкуч суроолоруна жооп берүүдө.
15:11 Расул Маматкулов өзүнүн кичүү кызы жөнүндө айтып берди. Жандуу үн менен Гүлбү Ороскул кызына жазып берген "Ортомчу бизге Ысык-Көл" чыгармасын аткарып берүүдө.
15:17 Суроо: Чач жасалгаңызды өзгөртөйүн деген оюңуз барбы?
Жооп: Андай оюм жок, анткени чачым өзүмө, жубайыма, мени тааныгандардын баарына жагат.
15:20 Суроо: Кантип киреше тапса болот?
Жооп: Эмгектениш керек. Иштесең тиштейсиң. Бул суроого кеңеш берүүгө даяр эмесмин.
15:22 Суроо: Ысык-Көлдө Жанна деген кызыңыз бар дешет, катташып турасызбы?
Жооп: Ооба, катташып турам, ага арнап атайын чыгарма да жазгам. "Жанна, Жанна жанарым" деген ыр ошол кызыма арналган.
15:25 Суроо: Клиптериңиздин жарымы эле үйүңүздө тартылган, башка жерде тартса болбойбу?
Жооп: Жарымы эмес, болгону эки эле клибимди үйдө тартканбыз. Анын бири "Дүйнө мага сенсиз караңгы" деген ыр.
15:27 Суроо: Сизди Тажикстанга, Өзбекстанга 2 миң долларга тойго барат деген чынбы?
Жооп: Ооба, Өзбекстан, Тажикстанга да тойго чакырышат, чет жер болгондуктан 2-3 миң доллардан да көп акчага барам.
15:31 Суроо: Үйүңүздү салганга канча каражат кетти?
Жооп: Башында эсептеп келе жаттык эле, андан кийин көп каражат кете баштагандыктан эсептен жаңылдык. Эсептебей коюп канча акча жумшаганыбызды билбей калдык.
15:35 Суроо: Сахнада сиздин атаандашыңыз ким эле?
Жооп: Сахнада атаандашым жок, биздин убакта ар бир ырчынын өзүнө тиешелүү гана стили бар эле. Менин чыгармачылыгыма эч кимдин чыгармачылыгы окшошпойт.
15:37 Суроо: Ушул жашыңызда болуп көрбөгөндөй сүйүүгө кабылып калсаңыз эмне кылмак элеңиз?
Жооп: Азыркы тапта биздин сүйүүбүз неберелерибизге өтүп кеткен, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес.
15:40 Суроо: Кызыңыз Айгеримдин дарегине айтылган терс сын-пикирлер сизди кейитеби?
Жооп: Кызым Айгерим менин тарбиямды алган, анын тарбиясы бардык жактан төп келет, ал жакшы кыз экенин дагы бир жолу элге айтып кетким келет.
15:43 Расул Маматкулов жандуу үн менен "Дүйнө мага сенсиз караңгы" чыгармасын аткарып жатат.
15:47 Ырчы аткарган чыгармасынын тарыхына токтоло кетти: "Бул ырды жеңеңер жазганга мажбур кылган. Ал өзү үйгө келгендерге тамашалап калат. "Үйдө баары ырдайт, мен ырдабайм, ырдатам" деп. Кыскасы бул чыгарма жубайыма арналып жазылган", - деди ырчы.
15:50 Суроо: Жубайыңыз менен кантип тааныштыңыз эле?
Жооп: Менин концертиме келип, анан таанышып калганбыз. Окуянын бардыгын айтып бергенге убакыт жетпейт го. Көпчүлүктүн арасынан ошол көрүнгөн го.
15:53 Суроо: Мен Баткенде мамлекеттик кызматта иштейм, айлыгым аз. Үй-бүлөм менен батирде турам, беш айдан бери батирдин акысын төлөй албай жатам. Сизди Кыргыз өлкөсүндөгү эң бай ырчы деп уккам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо мага батиримдин акчасын төлөгөнгө жардам бере аласызбы?
Жооп: Бардык муктаж адамдарга жардам бергенге мүмкүнчүлүгүм жок, бирок эфирден кийин байланышалы.
15:55 Кызыктуу оюн эфирде орун алды. Ырчы кыргыз макалдарын орус тилине которуп берүүдө.
15:58 Суроо: Экинчи аял алам деп келинчегиңизди таарынткан эмес белеңиз?
Жооп: Биринчисине араң түтүп жатканда, экинчи аял кайдан. Жок, андай ой эч качан болгон эмес.
16:02 Эфирде кайрадан Расул Маматкуловдон жагымдуу чыгарма жаңырууда.
16:06 Суроо: Сиздин "Кызыл-тазыл кызды минип алып" деген ырыңыз бар экен, маанисине кантип түшүнсөк болот?
Жооп: (Күлүп) Жоок, андай чыгармам жок. "Кызыл-тазыл жарык, кызды курчап алып" деген ырым бар. Туура эмес угуп алса керек.
16:10 Ырчы мыкты суроону тандап, көрөрмандарга өзүнүн каалоо-тилектерин айтууда.
16:11 Эфирди ырчы жаңы чыгармасын аткарып берүү менен жыйынтыктады. Алып баруучулар мыкты суроо ээси студияга келип, белегин алып кетсе боло тургандыгын айтты. Эфир жыйынтыкталды.