Бүгүн, 8-ноябрда "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман 15-октябрь - президенттик шайлоо күнүндө Нарын шаарындагы шайлоо тилкелеринде иштеген 90 операторго эмгек акы төлөнбөй жаткандыгын айтып кайрылды.
"Шайлоо күнү 90 оператор өз милдеттерин так аткарып иштеп беришти. Бизде келишим бар болчу. Бирок эмгек акыбызды бүгүнкү күнгө чейин бербей жатышат. Мэрияга барсак "биз билбейбиз, ал акча берилбейт го" деп бизди жолго салат. Кимге кайрыларыбызды билбей жатабыз. Биздин иштеген акыбызды бербей ар кандай шылтоо айтып жатышат", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.