Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу АКШда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Кыргыз өлкөсүнүн балбаны Самат Надырбек уулу АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду.

Америкалык балбан Дейв Шульцтун элесине арналган мелдеште Самат Надырбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып алгачкы беттеште америкалык Эдди Кримараны жеңип алган. Жарым финалда Самат кореялык Донг Чои менен күрөшүп 10:0 эсебинде жеңип алган. Муну менен финалдык баскычка өтүп америкалык Тим Линкольнго туш келди. Беттештин жыйынтыгында Самат Надырбек уулу 12:2 эсебинде жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriot...kg
2017-11-08 16:06:53
Оо красава
+2
kechirmeni
2017-11-08 16:13:33
Азамааат!!! Жанылык деп ушуну айт!!!
+2
Shaa-82
2017-11-08 16:13:50
Охоо болсун, болсун, азаматсын! Ийгилик!!!!!!!
+1
ekaterinburg
2017-11-08 17:42:15
Медаль кут болсун!Азаматсын.Чон,ири эсепте утупсун жалан.Молодец!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан