ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: Бир топ операцияны башынан өткөргөнүнө карабастан, тасмаларга дублёр-каскадёрсуз тартылган Сүймөнкул Чокморов 78 жыл мурун туулган

... "Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,

Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй

Элестелип бүт дүйнөгө таркады,

Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй", - деп акын Жолон Мамытов жазгандай, кыргыз кино тармагында чоң орду бар белгилүү актёр жана даңазалуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал жаштайынан эле атка минүүнү, ат таптоону жана комуз чертүү өнөрүн атасынан үйрөнүп алган. Мунун натыйжасында ал ат үстүндөгү ролдорду мыкты аткара билген.

1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайынан билим алып, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн. Сүймөнкул Чокморов 1975-жылы "Кыргыз ССРинин Эл артисти", 1981-жылы "СССРдин Эл артисти", 1990-жылы "Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү" наамдарына татыктуу болуп, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгын алган. Кинематографисттер биримдигинин “Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 ирет (1962, 1972, 1974, 1978-жылдары) алган. Ошондой эле Кинематографисттер жана Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

Чокморов залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган "Жамийла" тасмасында Даниярдын, "Көк мелжиген тоолордо" Байтемирдин, "Кызыл алмада" Темирдин, "Эрте жаздагы турналарда" Бекбайдын образдарын жараткан. Ошондой эле чет өлкөлүк режиссёрлордун тасмаларында да мыкты ролдорду аткарган. Ал эми анын кинодогу эң алгачкы ролу режиссёр Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун образы болуп эсептелет.

Замандаштарынын айтымында, Сүймөнкулдун мүнөзү токтоо, боорукер, антка бекем, айкөл, кыргыздын каада-салтын бекем сактаган адам болгон. Ошондой эле актёр мыкты ырдап, комузда жана домбрада ойной билген. Сүймөнкул Чокморов көркөм сүрөт жана графика жанрындагы 800гө жакын чыгарманын автору. Алардын 27си дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат. Ал 2 жолу белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн тарткан. Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун, Кыргыз ССРинин Эл артисти Алиман Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан. "Апа" жана "Менин балам" аталышындагы образдар да сүрөтчүнүн колунан чыккан. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган. Япон жергесиндеги киноискусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, италиялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан.

Залкар инсандын ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилген. 2005-жылы ага арналган почта маркасы чыгарылса, 2009-жылы 5000 сомдук акча купюрасына элеси түшүрүлгөн. Актёр бөйрөгү ооругандыгына байланыштуу өмүрү өткөнчө бир канча операцияны башынан өткөргөн. Бирок оорусуна карабастан кинодогу ролдорун дублёрсуз-каскадёрсуз ойногон. Кыргыздын тарыхында өчпөс из калтырган белгилүү инсан 1992-жылы 53 жашында оорунун айынан дүйнөдөн кайткан. Ал 3 уулдуу болгон. Тун уулу Бактыгул жаштайынан баш кошкон өмүрлүк жары Салимадан, Эргул менен Азамат кийинки жубайы Нуржандан төрөлгөн.

9-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан