1960-жылдардын башында көгүлтүр экрандарда жарк этип пайда болуп, аз убакыттын ичинде миллиондогон адамдардын сүйүктүү актёруна айланган Ален Делон бүгүн, 8-ноябрда 82 жашка чыкты.
Француз актёру, режиссёр, продюсер жана сценарист Ален Делон 1935-жылы Франциянын Париж шаарында төрөлгөн. Актёр 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кеткен. Аскерде кызмат өтөп келген соң 1956-жылы Парижге кайтып келип жумуш издей баштайт. Парижде А.Делон актёрлук курстарда окуп, театрда роль жарата баштайт. Ошол мезгилден тарта актёрго Голливуддан киного тартылуу сунуштары түшө баштайт.
Эмгек жолу
Ален Делон 1957-жылы "Когда вмешивается женщина" тасмасында роль жаратып, актёрлук карьерасын баштаган. Актёрго "На ярком солнце", "Рокко и его братья", "Леопард" кинолорундагы ролдору атактуулук алып келген. "Леопард" тасмасындагы ролу үчүн А. Делон "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлсө, "Наша история" фильминдеги ролу үчүн "Сезар" сыйлыгына ээ болгон.
Жеке жашоосу
Ален Делон 1964-жылы 13-августта 28 жашында 23 жаштагы белгилүү режиссёр жана актриса Франсин Канова менен баш кошкон. Франсин Канова кино дүйнөсүндө Натали Делон деген ат менен белгилүү. Алардын 1964-жылы 30-сентябрда төрөлгөн уулу Энтони Делон дагы актёрлук кесипти тандап алган. 1968-жылы 25-августта түгөйлөр ажырашып кеткен.
Ал эми кийинки жубайы, актриса Мирей Дарк менен Ален Делон 15 жыл бирге жашаган. Мирей Дарк жол кырсыгына кабылат. Бул учурда актёр чыгармачылыгын таштап, М.Дарк сакайып кеткенге чейин анын жанында болгон. Бирок актриса жакшы болгон соң А.Делон аны таштап кеткен.
1987-жылы А.Делон Розали Ван Бремен аттуу аял менен таанышып, экөө жарандык никеде жашаган. 2002-жылы Ален жана Розали ортосундагы сүйүү мамилесине чекит коюшкан. Бүгүнкү күндө актёр жалгыз жашайт.
8-ноябрга карата жылнаама.