Америкалык ырчы, актриса Майли Сайрустун жашыруун турмушка чыкканы айтылууда

Америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрус менен австралиялык актёр Лиам Хемсворттун кыз-жигит экени баарына маалым. А бирок түгөйлөрдүн баш кошкону тууралуу эч кимдин кабары жок болсо керек. Жакында эле Австралиядагы жылдыздардын жеке жашоосундагы жаңылыктардан эң биринчилерден кабардар болуп турган NW Magazine басылмасы күтүүсүз жаңылык жазып чыкты. Тагыраагы, Сайрус менен Хемсворт жашыруун баш кошконун, болгондо да андан бери бир топ убакыт өткөнүн жарыялаган.

Маалым болгондой, алар ушул жылдын жаз айларында баш кошушкан. Бирок коомчулукка жарыя кылууну каалашпагандыктан аземге эң жакын деп санаган 4-5 эле адамды чакырышкан. Ошондой эле баш кошкондон тартып манжаларына окшош дизайндагы шакектерди тагынып жүрүшкөнү айтылган. Азырынча түгөйлөр өздөрү бул боюнча эч кандай билдирүү таратыша элек.

Белгилей кетсек, жылдыздуу түгөйлөр 2008-жылдын август айынан тарта мамиле кура башташса, 2013-жылы белгисиз себептерден улам мамилелерин үзүшкөн. Бирок былтыр, 2016-жылы кайрадан жарашкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2017-11-09 08:32:47
Тийсе тийиптирда куйоого
0
bond02
2017-11-09 09:16:35
кызыга турган деле кыз эмес экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан