Голливуд жылдыздарынын көбү Лос-Анжелестеги эң кадыр-барктуу делген Бель-Эйр районунда жашаганы айтылып келет. А бирок бул райондогу хан сарайын сатып, башка аймакка көчүп кеткендер да жок эмес. Мисалы, белгилүү модель жана актриса Ким Кардашьян менен жолдошу Канье Уэст.
Белгилүү болгондой, түгөйлөр короосунда чоң бассейни бар заңгыраган хан сарайын 17,8 миллион долларга сатышкан. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, үйдүн ичинде баары ак түстө: дубал, пол, шып, мебель жана башкалар. Маалым болгондой, хан сарайды Марина Актон аттуу инвестор сатып алган.
Азыркы учурда Кардашьян жана Уэст балдары менен Бель-Эйр районунан 32 километр ары жайгашкан хан сарайда жашап жатышканы айтылган. 8 жуунуучу бөлмө жана 10 дааратканасы бар ал хан сарайды 20 миллион долларга сатып алышкан.
Маалыматка ылайык, бул жылдыздуу түгөйлөрдүн жалгыз гана үйү эмес. Мындан сырткары Калабасас шаарынан да хан сарай сатып алышкан. Бирок 2015-жылы башталган оңдоп-түзөө иштери азыркы учурга чейин бүтө элек.