Америкалык актёр Жорж Клуни актёрлук карьерасын жыйынтыктады

"Оушендин 11 досу", "Таң аткандан күн батканча" тасмаларындагы ролдору аркылуу таанылган америкалык актёр Жорж Клуни өзүнүн актёрлук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 56 жаштагы Клуни кино дүйнөсүнөн кетип, убактысын толугу менен үй-бүлөсүнө арноону чечкен.

"Мага эми акча табуу аракетин көрүүнүн жана атактуулугумдан пайдаланып сулуу кыздар менен таанышуунун кажети жок", - деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Клуни өзүнүн спирт ичимдиктерин чыгаруучу ишканасын 1 миллиард долларга саткан, ошондой эле жай айында 39 жаштагы жубайы Амаль Клуни экөө эгиз балалуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан