"Мектепте окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу чектен ашып баратат", - деп бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Анын айтымында, мектептерде негизги көйгөй ата-энелерден акча чогултуу болуп эсептелет.
"Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети билим алуудагы балдардын укуктары жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча жумушчу топ түзгөн. Анда борбордогу мектептердин, бала бакчалардын кемчиликтери аныкталып чыккан. Ошондогу эң башкы көйгөй ата-энелерден акча чогултуу болгон. Баш мыйзам боюнча ар бир баланын бекер билим алууга укугу бар. Ушул боюнча өкмөт көңүл буруусу зарыл", - деди Икрамов.