ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: Ашыктык, насаат ырларынын алпы, акын Барпы Алыкулов мындан 68 жыл мурун дүйнөдөн кайткан

Сегиз жашынан тартып азаптуу күнгө малынып, иттер менен саманканада жатып, күнү-түнү уйку көрбөй байлардын малын багып, отун жагып жүрүп 11 жашында көз оорулуу болгон кыргыз элинин залкар акындарынын бири, даанышман акын Барпы Алыкулов 1949-жылы 9-ноябрда көз жумган.


"Атакем мени сүйүп, балам деди,
Ач калдык, сени малай салам деди.
Ошентип Назарбайга болдум малай,
Малайлык туткунунда жүрдүм далай", - деп өзүнүн оор балачагын эскерген акын 1884-жылы күзүндө азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында томаяктын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Акындын чыгармачылык ишинин башталышы өткөн XIX кылымдын акырына, башкача айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта, жалчы жүрүү менен өткөндүктөн, дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу бай-манаптардын кыйноолорун ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн далай кордук көргөн.

Акындын чыгармачылык татаал жолу

Оор турмуш кечиргенине карабай Барпы ырчылык өнөргө эрте аралашкан. 16 жашка чыга электе акындык даңкы эл арасына жайылган. Акындын өзүнүн айтымында, атасы Алыкулдан "Залим хандар азабы" деген ырды үйрөнгөн. Ал ырда Кокон хандыгынын катаалдыгы сындалган. Анын акын болушуна атасынын салымы чоң болгон. Акындын алгачкы ырлары көбүнчө өз башынан өткөн азаптарга, жан-жаныбарларга, сүйүүгө байланыштуу болуп, "Бул куштардын санаты", "Жырткычтар", "Жыйындагы биринчи ыр", "Кара башыл эчки", "Пада баккандагы ыр", "Назарбай менен болгон айтыштары", "Жетим кыз", "Теңдик бир күн жарк этер", "Жетим" деген ырлары өмүр жолундагы оор күндөрдүн элесин берет.

"Аккан суу", "Күн", "Шамал", "Ажал" деген ырларында жаратылыштагы түркүн кубулуштарды, көрүнүштөрдү, адамдардын мүнөзүн философиялык мааниде чагылдырган. Ал эми “Санат”, “Терме”, “Марттык”, “Баатырдык”, “Ынтымак”, “Болор жигит”, “Болбос жигит” деген санат менен насыят ырларында адамдарын жүрүш-турушу, кыял-жоругу, жаман-жакшы сапаттары баяндалган. Өз элинин өткөн доорун жакшы билгендиктен анын “Кандардын каары” деген тарыхый ыры Кокон феодалдары хандык күтүп турган убактыларында бүткүл кыргыз элине өтө мыкаачылык, наадандык менен өкүмзордук жүргүзгөндүгүн айткан.

Барпынын 1915-жылы кыргыз элинин улуу акыны Токтогул менен болгон жолугушуусу анын өмүрүндө зор окуя болуп эсептелген. Токтогулдун таасирдүү ырларын угуп, андан үлгү, таалим алган. Кийин ал “Токтогул жөнүндө ыр” деген 4 бөлүмдөн турган көлөмдүү поэма жазат. Бул чыгармасынын биринчи бөлүмүндө акын ырчылардын өткөн заманда бай-манап, бий-болуштардан кордук көргөнүн баяндаган.

Барпы 30 жаштан өткөнгө чейин малайлыкта жүргөн. Кийин жашоосун түптөп, алдынкылардан болуп жаңы турмушту баштап, көч башында болду. Бирок өткөн оор турмуш өз таасирин бердиби, Барпы 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып эки көзү тең жакшы көрбөй калган, бирок көкүрөгү тунук акын улам жаңы ырларды чыгара берет. Бала кездеги ырлары негизинен эки заманды салыштырууга арналса, согуш жылдары "Эр Жолон", "Төрайым менен Шекербек" деген поэмаларды жараткан. Согуштан кийин "Аксаткын менен Кулмырза", "Жалайыр жалгыз" деген элдик поэмаларды кайра иштеп чыгат.

Акын лирикалык ырларды жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик ырларга кайрылган, ошол себептүү "Бурак жан", "Мөлмөлүм", "Мырзайым", "Арзыкан", "Ак жылдыз", "Лөлүкан", "Дилбарым", "Гүзал кыз", "Өзгөчөм" деген ырлары тематика, стиль жагынан элдик ашыктык ырларга үндөшүп турат.

Даанышман акын 1949-жылы 9-ноябрда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

9-ноябрга карата жылнаама.

Мөлмөлүм
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Matahara1980
2017-11-09 17:12:58
Кыйын акын болгон екенда кайран киши.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан