ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: Чан Ди болуп Азияга таанылып, соңку кезде иши жүрүшпөй жаткан корей актрисасы Гу Хё Сон 33 жашка толду

Түштүк Кореянын "Мыкты жигиттер" сериалындагы Гым Чан Ди деген каарман бир кезде күйөрмандарын эр жүрөктүүлүгү менен өзүнө имерип, бул ролду аткарган актриса Гу Хё Сон заматта Азияга, бүт дүйнөгө таанылган. Ал азыр кайда жана эмне менен алек?


1984-жылы туулган атактуу балалыгында ырчы болууну кыялданчу. Бирок устатынын “сенин жан дүйнөң музыкага жакын болгону менен, келечегиң актрисалык” деген сөзүн угуп, бул жаатта өнөрүн сынап баштаган.

Акыркы жылдары актриса аткарган ролдору үчүн күйөрмандары тарабынан көп сынга кабылып жүрөт. Адегенде 2015-жылы "Кан" деген сериалдагы ролуна терс пикирлер айтылып, долбоордун ийгиликке жетпей калуусун дал ушул Гу Хё Сондон көрүшкөн.


Кийин быйылкы жылы тартылып баштаган "Сиз өтө ашыкчасыз" сериалы да жогорудагыдай эле жагымсыз окуяга туш болгон. "Актриса катары чеберчилиги жетишсиз. Ойной албаса, анда тиешелүү сабактарга барбайбы?" деп жазууга чейин жетишкен аталган өлкөнүн журналисттери. Коомчулукта күчөй баштаган сын-пикирлердин таасиринен уламбы, айтор Гу Хё Сон 50 сериялык дораманын 7-эпизодуна чейин гана тартылган. Андан ары ден соолугуна байланыштуу деп элге жарыяланган себеп менен сериалга тартылуудан баш тарткан.

Жеке турмушуна келсек, 2016-жылы "Кан" сериалында чогуу башкы каармандардын бирин ойногон актёр Ан Жэ Хёнго турмушка чыккан. Экөө бал айына коротчу акчасын кайрымдуулук иретинде ооруканалардын бирине жумшаган.


Гу Хё Сон көп кырдуу таланттын ээси. Ал ырчы, жазуучу, сүрөтчү, режиссёр жана сценарист. Атактуу жазган чыгармалары окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынып, уюштурган сүрөт көргөзмөлөрү убагында мактоого татыган. Соңку жылдары өзүн режиссёр катары сынап, анын жетекчилигинде тартылган тасмалар эл аралык кинофестивалдарга катышып келет.

9-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anandi
2017-11-09 17:41:40
жагат да ушул корей актриса аябай таланттуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан