Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты актёр” наамын 4 жолу алган белгилүү сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин ачылышы бүгүн, 9-ноябрда болуп өттү. Айкел борбор калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында орнотулган.
Эстеликтин ачылышына маданият тармагынын өкүлдөрү, "Сүймөнкул Чокморов" атындагы фонддун жетекчиси, Орусиянын Свердловск облусунун өкүлдөрү жана премьер-министр Сапар Исаков катышты.
Эстеликти ачкан өкмөт башчы улуу актёрдун чыгармачылык эмгек жолуна токтолду: "Улуу акын Жолон Мамытов "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" деп бекеринен айтпаса керек. Улуу өнөр ээси артында көптөгөн эмгектерин калтырып, Кыргыздын атын алыска тааныткан адамдардын бири болгон. Азыр арабызда бар болсо дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып, тасма сүйүүчүлөрдү сүйүнтмөк", - деди ал.
"Сүймөнкул Чокморов" атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов эстеликтин ачылышына келгендерге ыраазычылыгын билдирип, азыркы тапта Кыргыз жергесинде гана эмес, Орусиядагы да Борис Ельцин атындагы көркөм окуу жайында мыкты студенттерге Сүймөнкул Чокморов атындагы стипендия тапшырылып, ар кандай кароо-сынактар өтүп жаткандыгын кошумчалады.
Залкар таланттын айкелинин ачылышына келген белгилүү режиссёр Геннадий Базаров: "Белгилүү актёрго эстелик мындан көп жыл мурун эле тургузулушу керек эле, бирок азыр да кеч эмес. Бул демилгени көтөрүп эстеликти орноткон "Сүймөнкул Чокморов" атындагы фондго ыраазычылык билдириш керек. Алар көп жылдан бери ишке ашпай жаткан жумушту жасашты", - деди.
Айкелдин салмагы 600 килограмм, ага атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген. Мындай эстеликтер Кыргыз өлкөсүндө аз гана санда. Айкелчи Алмаз Кожокуловго таандык бул айкел бир жылдын ичинде орусиялык "Дубровин" ишканасы тарабынан даярдалган.
Бир топ операцияны башынан өткөргөнүнө карабастан тасмаларга дублёр-каскадёрсуз тартылган Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болгондо бүгүн, 9-ноябрда 78 жашка толмок.