Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарында "Дүйнө сулуусу-2017" сынагы өтүүдө. Аталган аралга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 126 бийкеч 20-октябрдан тартып келе башташкан деп жазылат Хайнанлайф.ру сайтында.
Маалыматта жазылгандай, сынактын расмий ачылышы 7-ноябрда өткөн. Ага чейин бийкечтердин ар бир күнү түзүлгөн атайын күн тартиптин негизинде жүргүзүлгөн. Жарнамалык роликке тартылуу, фотосессия, кайрымдуулук акцияларына, аялдар форумуна катышуу, шаардын маданий-тарыхый жерлерин кыдыруу, алдыдагы сынакка даярдануу. Айтор сулуулардын азыркы жашоосу ушундай тартипте өтүп жаткан кези.
Сулуулар "Феникс" деп аталган эң кымбат баалуу делген мейманканага жайгашышкан. Саньяга барган алгачкы күндөрдө алар эртең мененки тамактануудан кийин 4 топко бөлүнүп алып шаардагы, аралдагы эң кызык жайларга барышкан. Алардын ичинде тарыхый музейлер, балыкчылар порту, "каракчылар аралы" жана башка кызыктуу жайларды кыдырышкан. Ушул эле учурда бийкечтер менен биргеликте "Санья-2017" проморолиги тартылган. Сулуу кыздар барган Саньянын кооз жерлери туристтер үчүн мыкты жарнамага жарайт.
Дүйнөнүн эң сулуу бийкечи аталыш үчүн кыздар көп тараптан сындан өтөт. Оор бийлер, түрдүү кырдаалдан акылдуулук менен чыгуу, туура сүйлөө, спорт, ыр, айтор бийкечтер бардык жактан даяр болуусу шарт. Буга байланыштуу алар Шэньчжэнде өткөн ишкер аялдардын форумуна да катышкан.
Сулуулар кечки тамактанууга чакырылып, анда өздөрүнүн кооз көйнөктөрү, ажарлуу келбеттери менен ресторандарга көрк берүүдө.
Сынактын алкагында Шэньчжэнь шаарында кайрымдуулук аукциону өттү. Эреже боюнча ар бир катышуучу өзүнүн өлкөсүндө баалуу, кызыктуу деп эсептелген буюмду ала келип, ал буюмдар Кытайдын бай адамдары тамактанган ресторандарга аукционго коюлган. Анын негизинде кыздар 1 миллиард 34 миллион юань топтошкон.
Ошентип сынак расмий түрдө ачылып, анда кыздардын баары "гүл оронуп" чыгышкан. Сынактын уюштуруучулары жана калыстар тобу 126 кызды 6-7ден 20 топко бөлгөн. Ар бир топтон бирден жеңүүчү чыгат. Бул 20 жеңүүчүгө онлайн-добуш берүү боюнча эң көп упайга ээ болгон 5 кыз, дагы калыстар тарабынан тандалган 15 кыз кошулуп жалпы 40 кыз финалга чыгат. Финал 18-ноябрда өтөт.
"Дүйнө сулуусу-2016" сынагынын жеңүүчүсү, Пуэрто-Риконун жашоочусу Стефани Дел Валлье ачылыш аземге катышып, кыздарды сахнага алып чыгып алардын баарына ийгилик каалаган.
Андан кийин алып баруучулар "Дүйнө сулуусу" атыкканга ат салышып жаткандарга сынакка келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, ар бирине өздөрүн тааныштыруу кезегин берди.
Сынактын расмий ачылышында анын уюштуруучусу Жулия Морли сөз сүйлөп, Кытай өкмөтүнө сынакты өткөрүүгө макулдук бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген. 2000-жылы Морлинин күйөөсү каза болуп калган. Ага чейин "Дүйнө сулуусу" сынагы анын күйөөсүнүн уюштуруусунда өтүп турчу.
"Дүйнө сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсүнө 280 миң долларга жакын акча бөлүнөт. Бирок буга чейин түзүлгөн келишим боюнча, бул каражаттын баары анын атынан кайрымдуулук иштери үчүн которулат. Ал эми дүйнөнүн сулуусуна бриллиант таштар менен жасалгаланган таажы берилет. Анын баасы 16 миң еврого жетет. Мындан тышкары жеңишти багындырган бийкечке бир жыл Лондондогу батирдин акысы төлөнөт.
Буга чейин "Кыргызстан сулуусу-2017" наамынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова Кытай өлкөсүнө баруу үчүн виза берилбегендигине байланыштуу "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына барбай калганы маалымдалган.