“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев автоунааларда өрт өчүргүч, видео каттоочу камера болуусун милдеттендирүү керектигин сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Ооган согушу 10 жыл болду. 10 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүнөн барган 1 741 жоокерлердин 300дөн ашуусу курман болгон. Акыркы он күндүн ичинде жол кырсыгынан 30дан ашык адам каза тапты. Автоунаа коркунучтун булагы деп эсептелинет. Ошондуктан жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Жакында эле 5 киши автоунаанын ичинде калган фактысы катталды. Унаанын ичинде калган айдоочу “мен 21 эле жаштамын, жашагым келет” деп кыйкырыптыр. 50дөн ашык автоунаа келип, биринде дагы өрт өчүргүч жок экен”, - деди Рысалиев.