ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: Түштүк акцентин жоюу максатында бат сүйлөөгө үйрөнгөн орусиялык алып баруучу Тина Канделаки 42 жашка толду

Орусиялык журналист, алып баруучу, продюсер Тина Канделаки 1975-жылы 10-ноябрда Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Анын телевидениедеги карьерасы Грузияда башталган. 1-курста окуп жүргөндө грузин телеканалдарынын бириндеги алып баруучулар сынагына катышып, өтүп кетет. Телеканалдын кызматкерлери алып баруучунун сырткы келбетин жана эфирде өзүн алып жүрүүсүн жактырышкан. Канделаки грузин тилинде сүйлөй албагандыктан 3 айдын ичинде тилди өздөштүрүп, алып баруучулук кызматка киришет. Анын эң алгачкы эфири түз эфир болгон. Грузияда карьерасынын жогорку чегине жеткен соң, андан ары өнүгүү максатында Москваны көздөй сапар алган.

Москва шаарына келген соң борбордук маалымат каражаттарына чалып жумуш издей баштайт. Ошентип М-радио деген радиого жумушка кирет. Андан соң “Күмүш түстүү жамгыр” (“Серебряный дождь”) радиосунда, кийинчерээк "2Х2" телеканалындагы “Биз-ТВ” программасында алып баруучу болуп иштейт. Ошондой эле Муз-ТВ телеканалындагы “Убакыт” (“Времечко”) программасында иштеп, «ТВ-6» каналында “Ой, апа” ("Ой, мамочки!"), ”Алло, элим” ("Алле, народ!") жана “Мен баарын билем” ("Я знаю все") көрсөтүүлөрүн алып барган.

2002-жылдан 2007-жылга чейин СТС телеканалындагы “Майда-чүйдөлөр” (“Детали”) программасынын алып баруучусу, 2003-жылдын март айынан тартып, “Эң акылдуу” (“Самый умный”) программасынын жүзүнө айланган. Мындан тышкары дагы бир нече рейтинги жогору телекөрсөтүүлөрдүн үстүнөн эмгектенген. Ал Орусиядагы эң бат сүйлөгөн алып баруучулардын катарына кирет.

Жолдошу менен

1997-жылы Андрей Кондрахин аттуу сүрөтчү жана ишкер менен таанышып, экөө 2 жыл сүйүү мамилесинде болуп, үйлөнүшкөн. Ортосунда Мелания аттуу кызы жана Леонтий деген уулу бар. Бирок жолдошу менен 11 жыл жашаган соң ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам 2010-жылы расмий түрдө ажырашып кеткен. Ал эми 2015-жылы Василий Бровко аттуу ишкерге турмушка чыккан.

Тина Канделаки тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Алып баруучу алгач медициналык факультетке тапшырып, дарыгер болууну көздөгөн. Бирок 1-курста окуп жүргөндө журналистика тармагына аралаша баштап, кийин аталган бөлүмгө которулуп кеткен;
  • Канделаки эфирде гана эмес, жашоодо да бат сүйлөйт. Өзүнүн айтымында, ал түштүк акцентин жоюу максатында кичинесинен бат сүйлөөгө көнгөн;
  • 2006-жылы автокырсыкка кабылып, сол колунда тырык пайда болгон. Муну жашыруу үчүн татуировка тарттырган;
  • Китеп окуудан ырахат алат, абдан көп китеп окугандыктан, жакшы көргөн китеби кайсы экенин тандоо ал үчүн кыйынга турат;
  • Күнүнө 1,5 литр суу ичип, келбетине кам көрүүнү биринчи планга коюп келет. Ошондой эле бокс жана фитнес менен машыгат;
  • Тамеки чекпейт, спирт ичимдиктерин ичпейт. Жакынкы убактардан тарта кофе ичүүнү да токтоткон;

10-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2017-11-10 12:10:08
Жагат да ушу айым. Голосун угуп эле отура бергин келет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан