Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кыргыз жеринде Индия ырчылары дагы бир клип тартты" деген аталыштагы видео жүктөлдү. (ник: GoPro). Андан Рахат Фатех Али Хан жана Ниту Чандранын "Banjarey" композициясына тартылган клипти көрөсүз.
Клип жай айларында кереметтүү Ысык-Көлдө тартылган. Чет элдик актёрлордун аткаруусундагы "Banjarey" аттуу музыка кыргыздын улуттук аспаптарынын коштоосунда жазылган.
Эскерте кетсек, буга чейин да индиялык ырчы жана композитор Анкит Тивари "Tum Hardafa Ho" аттуу ырынын клибин Кыргыз өлкөсүндө тарткан.
Клип Бишкек шаарында, "Ала-Арча" жаратылыш комплексинде жана Ысык-Көлдө тартылып, баш каармандардын образын ырчы өзү жана "Индия сулуусу-2015" наамынын ээси Адити Арья жараткан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу Медиа-порталга өтүңүз.