Кубаныч Сатаевдин жеке концертинен фоторепортаж

Бүгүн, 9-ноябрда Кыргыздын чыгаан обончу, аткаруучусу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаевдин жеке концерти болуп өттү. Алгач сахнага кымча белдүү бийчи кыздардын коштоосунда "Кыргыз жери" аттуу ыры менен чыккан ырчынын концерти 2 сааттан ашуун убакытка созулуп, алып баруучулук милдетти жаш акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев аркалады. Концерт "Ачылыш", "Ак бата", "Аккордеон", "Лирикалуу ырлар" жана "Дуэт ырлар" деп 5 бөлүккө бөлүнүп, ырчы келген күйөрмандарына жандуу үн менен жакшы маанай тартуулай алды. Ошондой эле ырчыны кайненеси Саламат Садыкова, жубайы Кундуз Авашова, ырчылар Кенже Дүйшеева, Кубанычбек Ажыбаев, "Кеңеш" тобу жана башкалар куттуктап, мыкты чыгармаларын элге тартуулап кетишти. Концерттеги эң мыкты номер деп Кубаныч Сатаев менен Саламат Садыкованын аткаруусундагы "Кыргызстаным алгала" чыгармасы жана Сатаевдин бир тууган иниси Таалайдын аткарган "Кыздар, ай" ыры болду.

Ошондой эле Кубаныч Сатаев концертте атасынын буга чейин элге ырдала элек 3 жаңы ырын тапканын айтып, анын бирөөсүн элге тартуулады.

"Жакында бир байке байланышып, "сенин атаңдын ырдаган видеосу бар. Эгер керек десең менден көчүрүп ал" деп айтып калды. Дароо барып андагы видеону көрсөм, атам бир үйдө аккордеондун коштоосунда 3 ыр аткарыптыр. Менимче, ажалы жакындап калганын сезип, ырдалбай калбасын деп аткарган окшойт. Ал кезде телефон жок, камералар жаңыдан чыга баштаган. Мындан улам дал ошол учурда видеокамера болуп калганына абдан ыраазы болдум", - деген ырчы алардын бирөөсүн жубайы менен бирге аткарды.

"Кыргызстаным алгала" деп аталган Кубаныч Сатаевдин концертине келгендердин басымдуу бөлүгүн орто муундун өкүлдөрү түзүп, эл залдын 70 пайызын ээледи.

Концерт тууралуу видеорепортажды жакында SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.

Кубаныч Сатаев концертинде көзүнө жаш алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erkeleim
2017-11-10 02:26:18
Азамат атанар алп ырчы болгон ушул кунго чейин аты очпой бааланып келет саламаттын куйоо баласы дегендерге Чубактын уулумун дегин!!!
+11
Nanei
2017-11-10 07:21:36
Тош белги деген балакет берилбегени тан калычтуу
+1
make2
2017-11-10 13:51:44
Кушчубак Сатаев деген иниси тууралу жазсаңар, жок болуп кеттиго
0
Nargiza1987k
2017-11-10 18:45:10
Иниси атасынын коппиясы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан