Бүгүн, 10-ноябрда футзал боюнча өлкө биринчилиги Суперлига Талас шаарында уланат. Анда "А" жана "С" тайпаларындагы командалар өз ара беттешип, упайлар үчүн күч сынашат.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке 9 команда катышып, 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.
"А" тайпасы: "EREM" (Ош), "Баткен" (Баткен), "Жалал-Абад" (Жалал-Абад).
"В" тайпасы: "Мурас" (Ысык-Көл облусу), "Фарватер" (Бишкек), МФК "Жакшылык" (Бишкек).
"С" тайпасы: "Бакубат Талас" (Талас), "Алга" (Бишкек), "Sun City" (Бишкек).
Оюндардын тизмеси (10-ноябрь):
16:00 "Sun City"-"EREM";
18:00 "Алга"-"Жалал-Абад";
20:00 "Бакубат Талас"-"Баткен".