Экологдун пикири: "Экологиялык ураандардын артында саясий максаттар турбашы керек"

Кыргыз экономикасында бюджет түптөөчү “Кумтөр” ишканасы кайрадан экология үчүн күрөшүүнүн чордонунда калды.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган топ жана айрым саясатчылар мөңгүлөрдү сактоону колдоп акция өткөрүштү. Мындай акциялардын өткөрүлүшүнө парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун кароосу себеп болгон. Айтмакчы Жогорку Кеңештин залында экономикалык субъекттердин мөңгүлөргө жакын жерде ишмердүүлүк кылуу маселеси талкууланып келе жатканына 3 жыл болуп калды. Бирок мыйзам демилге жогорудагыдай пикеттердин чыгышына алып келген эмес. Өлкөдө алты миңдей мөңгү бар экенине карабай, жарандык активисттердин көңүлү "Кумтөр" алтын кенине жакын жайгашкан 2 мөңгү запасына гана бурулуп калды. Ошондуктан акцияга көтөрүп чыккан “Мөңгүлөрдөн колуңду тарт!”, “Мөңгүлөрдү сактайлы” деген плакаттардагы жазуулар депуттардын же конкреттүү инвесторлордун атына багытталып, экологиялык көйгөй көмүскөдө кала берди. Балыкчы шаарындагы “Данко” коомдук экологиялык фондунун жетекчиси, Глобалдык экологиялык фонддун алдындагы улуттук байкоочу комитетинин мүчөсү Александр Садыков мөңгүлөргө же экологияга байланышкан маселе болсо эле эмнегедир “Кумтөр” тууралуу сөз козголо берерин айтат.

"Жогорку Кеңештин алдында өткөн пикет жөндөн-жөн уюшулган эмес. Мени бир нерсе таң калтырат: мисалы, эмнеге ошол Ысык-Көлдөгү мөңгүлөрдү сактап калалы деп жан үрөгөн коомдук активисттер менен саясатчылар Ысык-Көлдүн өзүндөгү олуттуу экологиялык көйгөйлөрдү көтөрбөйт? Маселен, ар бир туристтик сезон биздин берметибизге түздөн-түз экологиялык көйгөйлөрдү алып келет. Туристтердин агымы санитардык көзөмөлдөн өткөрүлбөйт, пансионаттардан көл суусуна эмнелер агып чыгып жатканы деле эч кимди кызыктырбайт. Ысык-Көлдүн түбүн полиэтилен баштыктар менен пластик бөтөлкөлөр эчак эле басып калганы, ал экологияга зыян алып келери жаңылык эмес. А дарыя-суулардын жээктери, Ысык-Көлдүн тоолору сыяктуу жаратылыш зоналарындагы экологияга зыян келтире турган таштандылар жылдан жылга көбөйүүдө. Булар тууралуу ошол активисттер үн катышпайт дагы, эмнеге “Кумтөргө” жакын жайгашкан 2 мөңгү гана кызыктырып калат? Кыргыз жеринде, ошол эле Ысык-Көлдүн аймагында көптөгөн мөңгүлөр бар", - деп белгилейт туристтик аймак коомчулугунун өкүлү.

Александр Садыков белгилегендей, бишкектик пикетчилер алтын кени тууралуу гана кеп козгоп, Кыргызстандын башка олуттуу экологиялык көйгөйлөрүнө көңүл кош.

"Бирок бул мөңгүлөр “Кумтөр” ишканасы өндүрүш жүргүзгөн аймактарда жатканына 20 жылга чукулдап калды. Бул жылдар аралыгында ал мөңгүлөр тууралуу кеп козголуп, эч ким пикет уюштурган эмес. Эми минтип күтүүсүз резонанс жаралып отурат".

“Данко” фондунун өкүлү мындан бир нече жыл мурда Финляндиядан окумуштуулар келип, конференция өткөрүшүп, анын алкагында окумуштуулар айткан Ысык-Көлдөгү мөңгүлөргө байланышкан изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

"Окумуштуулардын жыйынтыктарына таянсак, бир нече миң жылдар мурун биздин аймактарда дагы мөңгүлөр эрип, бирок белгилүү убакыттан кийин кайрадан калыбына келген. Бул жаратылыштагы табигый кубулуш. Ошондуктан алтын кени ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыктан Ысык-Көлдөгү мөңгүлөр эрип жатат дегенге ишенүү болбогон нерсе. Ошол эле учурда эмнеге сөз “Кумтөр” жөнүндө гана болуп жатканы мага түшүнүксүз. А “Макмал Алтын” ишканасынын мөңгүлөргө тиешеси жокпу? Ал ишкана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн канча каражат бөлүп жатат? Эгер мөңгүлөргө жакын жайгашкан ишканалардын ишмердүүлүгүн токтотууга байланыштуу иш жүргүзүлүшү керек болсо, анда Караколдогу тоо лыжа базасы дагы ошондой эле башка аймактардагы мөңгүгө жакын мекемелер да ишин токтотушу керек. Туристтик бизнестин бул түрү да мөңгүлөргө зыян алып келет деп сыпатталат. А тоолорго мал багуу – бул коркунуч жаратпайбы? Мындай маселелер эске алынбай эле, экологияга келтирилген зыян тууралуу маселе козголгондо, сөз “Кумтөрдүн” айланасында гана болуп калат", - дейт Садыков.

Александр Садыков парламент “Кумтөрдүн” инвесторлору менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде келишимдердин жаңы варианттары менен жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүүдө, экологиялык маселелерди чечүүгө каражат бөлдүрүүдө жакшы жыйынтыктарды алды деген оюн айтты.

"Дагы кайсы алтын кен иштетүүчү компаниялар экологиялык маселелерди чечүүгө каражат бөлөт? “Кумтөрдүн” инвесторлорунан башка эч ким. Эгер ошол эле башка ишкана мунайды кайра иштеп чыгуучу “Джунда” заводун алсак, ал Чүй облусунун жаратылышын коргоо үчүн канча каражат бөлдү? Бул боюнча эч кандай маалымат жок. Жыйынтыгында митингчилер каршы чыкканы жалгыз “Кумтөр” эле болуп жатат. Менин көз карашымда, борбор калаадагы митингге чыккан бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү каршылыкка чыгардан мурун Ысык-Көл облусундагы өздөрүнүн кесиптештеринин арасында мониторинг жүргүзүп көрүшсө болмок. Болбосо Бишкекте уюшулган ошол акцияны экологиялык көйгөйлөрдү бетке кармап алып, лозунгдардын артында саясий таасир жасап жаткандар уюштурду деп эсептөөгө болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан