О! мобилдик оператору мобилдик түзүлүштөрдүн кезектеги заманбап дүкөнүнүн ачылышы тууралуу кубануу менен кабарлайт. Жаңы O!Store Баткен облусунун Исфана шаарынын Додошьян көчөсүндөгү "Лейлек Дыйкан Базарында" ачылды.
"О! мобилдик оператору өз кардарлары үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүп берүү менен филиалдарынын түйүнүн активдүү түрдө кеңейтүүнү улантууда. Исфананын 20 миңге жакын тургундары мындан ары биздин кызматтардын сапатын жана ыңгайлуулугун өздөрү жеке баалай алышат", - деп О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Эми шаар тургундары шаардын аймагынан чыкпай туруп эле кызматтардын толук түрү менен пайдаланууга жана мобилдик байланыш боюнча маселелерин ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк алышты. Кесипкөй адистерибиз ишке киришип, кардарларды тейлей башташты. Шаардын абдан жандуу жерлерине жакын жайгашкан O!Store дүкөнү төмөндөгүлөрдү сунуштайт.
Жаңы O!Store өз кардарларын күнүгө 9:00дөн 18:00гө чейин күтөт (түшкү тыныгуу 13:00-14:00), дем алыш - жекшемби.
Сатуу жана тейлөө кеңселеринин жана O!Store дүкөндөрүнүн толук тизмеси менен компаниянын расмий сайтындагы Даректер жана байланыш телефондору бөлүмүнөн таанышса болот.