Орустун белгилүү куудулу Михаил Задорнов каза болду

Бүгүн, 10-ноябрда орустардын белгилүү куудулу Михаил Задорнов дүйнө салды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 69 жаштагы куудул 2016-жылдан бери баш сөөктөгү шишиктен жапа чегип келген. Ал эми ушул жылдын июль айынан тарта дарыланууну токтотуп, андан көрө жакындарынын жанында болуу көбүрөөк пайдалуу деп чечкен. Бирок оорусу тууралуу журналисттерге айтуудан баш тартчу.
"Бул нерсени элге айтып, коомчулуктун көңүлүн ашыкча бурдурууну туура көрбөйм", - дечү ал.
Михаил Задорнов 1948-жылы Латвияда туулган. Ал өзүнүн куудулдук өнөрү жана байма-бай койгон концерттери аркылуу таанылып, кийин "Аншлаг", "Смехопанорама", "Сатирический прогноз" аталышындагы күлкүлүү берүүлөрдү алып барган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dalil
2017-11-10 15:06:57
Жакшы юморист болчу.
+3
gute
2017-11-10 15:25:42
Сатирик, жазуучу кыйын киши болчу. Чыгышты катыра сындачу эле
+3
argen.kg4
2017-11-10 16:42:49
Акыркы убактарда Ислам динин туура таза дин деп жүргөн экен.
+5
surgeon777
2017-11-11 01:46:02
Мыкты,кыйын юморист эле...
Жаткан жери жайлуу болсун(((
+1
nur85
2017-11-11 11:18:34
Задорновдун юморун абдан катуу баалачумун. Чын дилимден кайгырдым.Жаман болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан