Белгилүү Голливуд актёру, өзүнүн келбети менен канчалаган айымдардын жүрөгүнө чок салган Леонардо Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Бой тарткандан тарта башталгыч мектептин актёрлук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Бирок мугалимдер өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" тобу менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан. 15 жашында ѳзүнүн жеке агенти болуп, ошол мезгилде эле жарнамалык роликтерге, документалдык фильмдерге тартылган.
Ди Каприонун карьерасы күндѳн-күнгѳ ѳсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи чоң кино жарык көргөн. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарса, 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" деген фильмине тарткан. Жарым акыл ѳспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ал кезде Леонардо 19 гана жашта болгон.
Ди Каприо "Ромео + Джульетта", "Баскетболчунун күндөлүктөрү", "Титаник", "Кум жээк", "Нью-Йорктун бандалары", "Авиатор", "Каргыш тийгендердин аралы", "Башталыш", "Улуу Гэтсби", "Бошотулган Жанго", "Уолл-стриттен чыккан карышкыр" тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.
2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалестин "Аман калган" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ага чейин 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.
Актёр учурда бойдок. Буга чейин бир канча белгилүү жылдыздар, моделдер менен сүйүү мамилесинде болгону айтылып келет. Бирок сулуулардын эч бири менен никеге турган эмес. Ал жеке жашоосу тууралуу маектеринин биринде киного байма-бай тартылып, бош убактысы аз болгондуктан жана үйүндө аз убакыт өткөргөндүктөн үй-бүлө курууга шашылбай турганын айткан.
Леонардо Ди Каприо тууралуу кызыктуу фактылар:
11-ноябрдын жылнаамасы.