Студент, өзүңдүн артыкчылыгыңдан пайдалан - «О!го которул, СТУДЕНТ» атайын тарифине кошул.
О! түйүнүндө гана активдүү жана баарлашууну сүйгөн, жаш жана заманбап муун үчүн эксклюзивдүү сунуш иштейт. Бул тарифти кошуу менен өлкөбүздүн бүт студенттери О! түйүнүндөгү бардык абоненттер менен акысыз баарлашууга мүмкүндүк жана жөн эле жумасына болгону 80 сомго 16 гигабайт өлчөмүндөгү максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун алышат. Тариф толугу менен студенттерге ыңгайлаштырылган, анткени аларга Түйүндө керектүү маалыматтарды издөө, өз блогун жүргүзүү, үйрөтүүчү видеолорду көрүү же чет өлкөлүк кесипкөй адистердин катышуусу менен өткөн вебинарларга катышуу үчүн эреже катары көп интернет керек. Акыры, жөн эле достору менен көңүл ачууга жана түгөнбөс баарлашуу үчүн да интернет зарыл.
Атайын тариф боюнча көп берилчү суроолорго жооп беребиз.
Кантип кошулса болот?
«О!го которул, СТУДЕНТ» тарифине О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же компаниянын промоутерлеринен гана кошулса болот.
Кошулуу үчүн кандай документтер керек?
Кошулуу үчүн 2 документ милдеттүү : паспорт жана жарактуу студенттик билет же зачёттук китепче.
Атайын тариф кайда иштейт?
«О!го которул, СТУДЕНТ» атайын тарифи Кыргызстандын бардык облустарында бардык 2G, 3G же 4G стандарттарындагы түйүндөрдө иштейт.
Максат Алтынбеков: «Мыкты тариф, баарыңарга сунуштайм!»
Семетей Азимов: «Мен коштум, экинчи жума акысыз интернетти колдонуп жатам. Ошкага рахмат»
Адинай Алымова: «Биз жөнүндө ойлонгонуңуздар үчүн рахмат! Бул абдан керек нерсе болду, анткени менин досторумдун көпчүлүгү О!ну колдонушчу, эми дээрлик бардыгы колдонушат».
Тезирээк О!го которул, студент!