Кыргыз спортчусу Бекназар Раимкул уулу самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду

Орусиянын Сочи шаарында 10-ноябрда старт алган уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчусу алтын медаль жеңип алды.

Бекназар Раимкул уулу 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып финалдык баскычка чейин өттү. Анда Кыргыз спортчусу орусиялык Байзет Хатхох менен беттешип, аны жеңип алды. Жыйынтыгында Раимкул уулу алтын медаль тагынып Дүйнө чемпиону аталды.

Мындан тышкары Аманат Алтынбек уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешип коло медалга ээ болду.

Эске салсак, Бекназар Раимкул уулу 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында алтын медаль жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maks94.kb
2017-11-11 09:08:00
Оо азамат
+2
rysik79
2017-11-11 09:48:42
Алга Кыргыз алга.. Эркееек!!!!
+2
BekAmir
2017-11-11 13:32:57
Азамат
+2
TazaKyrgyz
2017-11-11 18:14:40
Азаматсын Бекназар!!!Кыргызстан сендей уулдары менен сыймыктанат!
+1
taku88
2017-11-11 19:14:07
Азамат Бекназар Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер Каракулжанын сыймыгы
+3
aerforce
2017-11-12 20:24:25
Азаматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан