Бүгүн, 11-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кулматов Атамбаевге улуттук валютанын курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу, банктык жана төлөм системдеринин коопсуздугун камсыздоо, инфляциянын деңгээлин кармоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча айтып берди.
Президент Атамбаев жарандардын жана ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн өлкөдөгү каржы-насыялык мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи.