Өздөрүнө атактуулук алып келген ролдору купулуна толбогон актёр жана актрисалар

Голливуддун айрым белгилүү актёр, актрисалары өздөрүнө атак-даңк алып келген ролдорун жактырышпайт. Мисалы, Кейт Уинслетти "Титаник", Роберт Паттинсонду "Күүгүм" тасмалары аркылуу таанысак, алар өздөрүнө атактуулук алып келген бул фильмдердеги образдарына ичтери жылыган эмес.

Кейт Уинслет - "Титаник"

Чынында актрисага болуп көрбөгөндөй атак-даңкты дал ушул тасма алып келген. Ал гана эмес бул фильм бүткүл дүйнөгө тартууланган. Бирок Уинслет чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде, "Титаниктеги" ролун "эң ийгиликсиз" деп атаган. Мунун себебин экрандан анча жакшы эмес көрүнүп калганы жана өнөктөшү сүрөткө тартып жатканда жылаңачтанып туруп бергени менен түшүндүргөн.

"Мен ошол эпизоддо жылаңач тартылганым үчүн азыркыга чейин өкүнөм. Андан көрө, тартылбай эле койгонум оң болчу", - деген актриса.

Жорж Клуни - "Бэтмен жана Робин"

Жорж Клуни ар бир аткарган ролуна кылдаттык менен мамиле жасап, бардык образдары купулуна толгонун айтып келет. Бирок "Бэтмен жана Робинден" башкасы. Актёр азыркыга чейин аталган тасмага эмне үчүн тартылганын түшүнбөйт.

"Мен кантип ушундай ролго макулдугумду бергенимди азыркыга чейин түшүнбөй келем. Фильмдин бет ачарынан кийин экинчи беткап кийген адамдын ролун аткарбайм деп өзүмө сөз бергем. Мага чыныгы эркектин ролун аткарган жарашат", - деген ал.

Роберт Паттинсон - "Күүгүм"

Роберт Паттинсонду "Күүгүм" тасмасындагы кан соргучтун образы калың элге таанытып, атактуулук гана эмес, байлык да алып келген. А бирок актёр өзү бул тасма менен аты таанылганына нааразы.

"Мен элдин эсинде таптакыр башка образ менен калгым келчү. Кан соргучтун ролу менен таанылып калганыма өкүнөм. Жадакалса ал образымды көргөндөн өзүм да корком", - дейт Паттинсон.

Анжелина Жоли - бардык тасмалары

Анжелина Жоли катышкан тасмаларды канчалаган адамдар сүйүп жана күтүп көрө турганы талашсыз. Бирок актрисанын өзү эмес. Тактап айтканда, анын купулуна өзү тартылган фильмдердин бири да толгон эмес.

"Мен өзүм катышкан тасмалардын бет ачарына барганда, кино бүткөнгө чейин араң чыдап отурам. Өзүнүн аткарган ролдоруна ыраазы болуп, өзү менен сыймыктанган актёрлорду көргөндө чындап таң калам. Менде бир да жолу мындай сезим болгон эмес", - деген ал.

Меган Фокс - "Трансформер"

Актрисанын айтымында, ал карьерасын жаңы баштап жаткан кезде тартылган бардык тасмаларын көрүүдөн уялат. Өзгөчө "Трансформерди".

"Мен бул кинону көргөн сайын өзүмдүн аткаруу чеберчилигимден уялам. Мындай маанилүү ролго тартыла турган болгон соң жакшылап даярданып, көбүрөөк аракет жумшасам болмок же таптакыр эле тартылбай коюшум керек эле", - деген Фокс.

Ченнинг Татум - "Ажыдаардын чабуулу"

Америкалык актёр Ченнинг Татум эң ийгиликсиз ролу катары "Ажыдаардын чабуулун" эсептейт.

"Мен бул тасмага тартылууну каалаган эмесмин, режиссёрлор эптеп көндүрүшкөн. Бул фильмден кийин бирөөнүн сөзүнө кирбей, өзүмдүн ички туюмума гана ишенүүнү үйрөндүм", - деген актёр.

Ал эми кыргыз актёрлорунун арасында өзүнүн купулуна толбогон образдарын ачык айткандар көп болгону менен, өзүнө атактуулук алып келген ролдорун жактырбагандар саналуу. Алардын бири - Болотбек Тилек.

Болотбек Тилек - "Салам, Бишкек"

Актёрдун айтымында, "Салам, Бишкек" тасмасындагы кыздын ролу анын эң ийгиликсиз образы.

"Мен ушул тасмага тартылганыма өкүнүп кетем. Негизи мындан ары комедияга тартылбастан, мелодрамада роль ойноп, олуттуу же терс каармандын образын жараткым келип жүрөт. Эмнегедир мени режиссёрлор комедия кинолордон көргүлөрү келе беришет", - дейт актёр.

Амантур Мусаев - "Поларис шооласы"

Амантур Мусаевди элге тааныткан тасма - "Көргүм келет". Анын айтымында, аталган тасмадагы ролуна ыраазы. А бирок андан кийин эле чыккан "Поларис шооласындагы" образына таптакыр канааттанбайт.

"Негизи фильм тартууда аткара турган каарманыңдын жан дүйнөсүн жатка билип, анын өнөкөт адаттарына чейин өздөштүрүшүң керек. Мен "Поларис шооласындагы" Канаттын образын жакшы жеткире алган эмесмин. Кино элге тартууланганда көрүп алып, өзүмдү абдан күнөөлүү сезгем. Көрсө, анда мен эле эмес жалпы курам начар иштеген экен. Ушул кинодон кийин ролдорго олуттуу мамиле жасоону үйрөндүм", - дейт актёр.

Аскат Сулайманов - жашыруун

Кыргыздын белгилүү актёру Аскат Сулайманов катышкан тасмалардын дээрлик бардыгы эле популярдуу болору талашсыз. А бирок актёр өзү тартылган кинолорунун ичинен купулуна толбогон ролдору көп экенин айтты.

"Чынын айтсам, купулума толбогон тасмадагы жана театрдагы ролдорум көп. Бирок анын баары эсимде деле жок. Ошентсе да мындан бир нече жыл мурун бир фильмге тартылгам. Аталышын айтпай эле коёюн. Анда мас болуп алып, ар ким менен мушташкан КамАЗ айдаган айдоочунун ролун аткарган элем. Кийин ошол эпизодду шылдыңга алган видео элге кенен тарап кеткен. Мындан улам ушул киного тартылганыма өкүнүп калгам", - дейт актёр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан