Бүгүн, 11-ноябрда Марокконун Марракеш шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Ачык Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз дзюдочусу Юрий Краковецкий алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.
Анда абсолюттук салмак категориядагы мелдеште Кыргыз спортчусу алгачкы беттеште 2 жолку олимпиаданын чемпиону франциялык Тедди Ринерге туш келди. Кызуу беттештин негизги убактысында атаандаштар арасында жеңүүчүнү аныкталган жок. Кошумча убакыттын 15-секундасында франциялык дзюдочу ыкма колдонуп Юрий Краковецкийди татаминин үстүнө кулатты. Муну менен Тедди Ринер 1 упайга ээ болуп Кыргыз дзюдочусун жеңип, 1/16 финалга өттү.